Кулатов айылында айлана-чөйрөнү тазалоо максатында 4-декабрь ишембилик болду. Ишембиликке жалпы айыл тургундары жана мугалимдер катышты.
Т.Айбашеа атындагы орто мектептин мугалимдери
Кулатов айылынын тазалык иштеринин башчысы Муратали Авазов: «Бүгүнкү ишембиликке айыл тургундары жана мугалимдер катышты. Айыл тургундарын да катыштырууга аракет кылдык, жана алар топтогон таштандыларды таштанды ташуучу унаа менен өкмөт тарабынан алынды.»
Кош-Дөбө айылынын жашоочулары
Т.айбашев атындагы орто мектептин мугалими Жайнагүл Махамадиза кызы
Т.Айбашев атындагы орто мектептин мугалими Жайнагүл Махамадиза кызы: «Бүгүнкү ишембиликке жалпы мугалимдер катышты. А бирок мугалимдерге ашыкча түйшүк түшүшүп жатат. Ишемби күнү кагаз иштерин жазуу ордуна, мектепке келип, мектептин ичин гана эмес, сыртында, көчөлөрдү да тазалап жатабыз. Мен гана эмес жалпы мугалимдер нааразы.»
Айыл тургуну Үлпөт Мырзаева
Айыл тургуну Үлпөт Мырзаева: «Биз бүгүн ишембилик болгонуна байланыштуу көчөлөрөбүздү жана спорттук аянтка жакын болгондуктан ал жерди да тазаладык. Бүгүнкү ишембиликке жалпы эл катышты, ар бир айыл тургуну өздөрүнүн айланасын жана өзүнө жакын көчөлөрдү тазалашты.»
Чынара Көчкөнбаева, Айзирек Мурзабекова