Барскоон айыл аймагында муктаж болгон 3 үй-бүлөгө бирден баш уй берилди. Жергиликтүү кеңештин акыркы сесиясында айыл аймактын бюджетинен 200 миң сом каралып, анын 150 миң сомуна үч үй-бүлөгө ийри мүйүздүү мал алып берүү боюнча чечим кабыл алынган.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Айыл ичинде ата-энелеринин экөө тең же бирөөсү жок балдар да жок эмес. Алардын жашоо шартына, окуусуна айыл өкмөт тарабынан көңүл бурулуп келет. Жогоруда айтылган эки жүз миң сомдун элүү миң сому окуу жайга тапшырып, акча каражатынан кыйналып жаткан студент кызга берилген. Мындан тышкары айыл өкмөт тарабынан жакырчылыктан чыгуу жана үй-бүлөлөрдү колдоо максатында ири мүйүздүү уйлар алынып берилгенин Барскоон айыл аймагынын жооптуу катчысы Назира Иманалиева билдирди.
«Ири мүйүздүү уйлар социалдык муктаж үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгаруу максатында атайын жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 3 үй-бүлөгө алынып берилди. Бул келечекте үй-бүлөсүнө киреше келсин деген максатта материалдык колдоо болду».
Барскоон: Жергиликтүү бюджеттен айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө уй берилди
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин социалдык бөлүмүнүн туруктуу комиссиясы тарабынан жардамга муктаж үйлөр текшерилген. Жалпысынан 200 түтүн ээлери тизмеге жазылып, текшерүүдөн кийин алардын 50% кыскартылган. Себеби, учурда жардамга өзгөчө муктаж үй-бүлөлөрдү биринчи орунда камсыздоо керектигин туруктуу комиссиянын төрагасы Авазбек Баяманов билдирди.
«Ошол уйдун сүтүн сатып, пайдасын көрсүн деген негизде берилди. Ал уйлар биротоло эле берилди, бирок сатылбайт. Биз ошол сатып жиберип, эртеси акчасын жок кылып койбосун деп эскертип, көзөмөлдөп турабыз».
Нурия Жунушакунова Барскоон айылынын тургуну. Жолдошу экөө эки ажырым жолго түшүшкөн. Ортосунда эки кыз, эки уулу бар. Нурия айымдын жеке менчик үйү жок болгондуктан төрт баласы менен батирде турат. Учурда эки кызына 1600 сом өлчөмүндө жөлөк пул алат. Ал балдарынын өспүрүм экенине карабастан 100 чакырым аралыкка барып беш күн иштеп, эки күн балдарынын жанына келет. Барскоон айыл өкмөтү тарабынан бул күнгө чейин социалдык баштык жардам катары алып келгем. Быйыл уй бергенине абдан сүйүнүп турам деп кубанычын билдирди.
«Жалгыз бой энемин. Барскоондун кызымын. Төрт баламдын эң кичүүсү үчүнчү класс. Өзүмө тиешелүү турак жайым жок, 21 сотых үлүш жерим бар. Ушул тапта шаурма саткан жерде иштеп жатам. Жума күнгө чейин иштеп, дем алыш күндөрү үйгө келем. Буга чейин бир баштыктан болгон тамак-аштар, кээде бир кап ун берилчү. Мындай чоң бир нерсе берилген эмес. Быйыл ушундай кунаажын берилди».
Гүлкайыр Осмоналиева