Куу-Майдан айылында эпидемиологиялык абал туруктуу болгонуна карабастан мугалимдер окуучулардын мектепке беткап тагынып антисептик менен келүүсүн талап кылып жатышат. Бирок кыш мезгилине байланыштуу беткап тагынуу бетти буулантып ыңгайсыздык жаратууда.
Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин окуучуларынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө окуучулар беткап таккылары келбегенин, ал ыңгайсыз болуп, бетти кызартып жиберерин билдиришти.
1-класстын класс жетекчиси Айжамал билдирүүсү боюнча ар бир окуучу эрте менен дене табы текшерилип беткап жана антисептиксиз киргизилбейт жана дене табы жогору болсо үйлөрүнө жөнөтүлөт.
“Беткапты негизи 2 саат гана тагуу керек. Бирок ата-энелер бир балага күнүнө 2-3 жаңы беткап менен камсыз кылып бере алышпайт. Анын үстүнө кээбирлерге аллергия чыгарып, ыңгайсыздык жаратат экен. Ошондой болсо дагы ден соолук үчүн тагуу керек”,-дейт.
9-класстын окуучусу Курманбек Токтосун уулу мектепке күнүгө беткап тагып келет бирок ал беткап таккысы келбегенин жана ал ыңгайсыз экенин билдирди.
Ал эми окуучу Айзат Мамадахунова беткап бетти сууктан сактап, жылуу кармаарын айтты.
Учурда Жапар Нышанов орто мектебинде 1-5-9-11-класстар салттуу түрдө билим алышууда.
Кышкы суукта беткаптар бууланып тоңуп калууда
Хусейин Курсантбек уулу