Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы “Максат” курулуш материалдар дүкөнүнүн иши пандемиянын таасиринен улам бир топ солгундай түшкөн. Дүкөн былтыркы жылдын март айында ачылып, бир аз убакыттан кийин өлкөгө карантин киргизилген.
Курулуш материалдар дүкөнүндө чарбага жана курулушка керектүү ар кандай буюмдар бар. Аны айыл тургундары Рахматжан Мадраимов жана Кубанычбек Абдразаков биргеликте иштетишет.
Рахматжан Мадраимовдун айтымында пандемия бардык эле адамдарга чоң таасирин тийгизди. Пандемиядан улам мигранттардын да иши солгундап, алардан акча келбей айылда курулуш азайды:
“Пандемия жеке өзүмө да терс таасирин тийгизди. Биз дүкөндү ачарыбыз менен элге карантин болуп иш токтоп калган. Азыркы учурда баары өз нугуна түшө баштады, азыр иш жакшы”.
Ал эми Кубанычбек Абдразаков бардык алчу материалдар кымбаттап кеткенин айтты: “Карантин башталганда бардык жерлер жабылып, анын катарында биз да ишти токтотконбуз. Жолдор жабылып кампалардан товар алып келе албай кыйын болгон, бирок карантин алынып салынгандан кийин деле материал алып келүү кыйынга турду. Себеби, бардык буюмдар, айрыкча Россиядан келген товарлар өтө кымбат келди”.
Пандемия учурунда айылда ишкердик кылгандар көбөйдү
Аймончок Кожонова