Өлкөдөгү кырдаалдын кесепети аялдарга көбүрөөк таасирин берген. Аялдар комитетинин, медицина кызматкерлеринин айтымына караганда карантин учурунда көпчүлүк аялдар стресске кабылышкан.
Төлөк айылында үй кожейкелердин көпчүлүгү жаш келиндер. Алардын айрымдары карантинге карап шаардан айылга келишкен. Шаарда иштеп, жашай турганга шарт жок болуп, айылда калгандары да көп. Аялдар комитетинин, медицина кызматкерлеринин айтымына караганда карантин учурунда көпчүлүк аялдар стресске кабылышкан. Бирок алар атайын мыйзамдуу түрдө кайрылышкан эмес. Ал эми айылдык медайым Гүлбарчын Өмүрованын айтымына караганда, аялдардын кош бойлуулугу жылдагыдай эле көрүнүшкө ээ.
Бурул Майрамбек кызы