Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби 17-декабрь 2019-жылдан тартып “Кыргызстандагы туруктуу мектептерди глобалдык издөө” (Глобальный поиск устойчивых школ в Кыргызстане) долбоорунун алкагында иш алып барып келет.
Долбоордун негизги максаты болуп туруктуу өнүгүү принциптеринин идеяларын жайылтуу, жоопкерчиликтүү пайдалануу жана өндүрүш, туруктуу өнүгүү боюнча маалымдуулуктуу жакшыртуу, айылдын, орто мектептердин жана башталгыч кесиптик окуу жайларынын дэңгээлинде экологиялык маданиятты калыптандыруу саналат.
Учурда долбоордун алкагында мектепте атайын экокоманда түзүлүп, иш алып барып жатышат. Айыл жеринде эң масштабдуу экологиялык конкурстардын бири болуп, мектеп окуучуларынан түзүлгөн “Бирге” клубу жана «Берен» тайпасы тарабынан уюшулган Оттук жана Казан-Куйган айыл тургундарына «Өнүгүүгө жана тазалыкка жаңы кадам» аттуу конкурстун жүрүп жатканы.
Командалар айыл тургундарынан таштандыларды чогултуп жаткан учуру
Сынактын шарттарына ылайык ар бир үй- бүлө таштандыларды бөлүп таштоочу челектерди жасап, чогулган кайра иштетүүгө мүмкүн болгон таштандылардын ордуна өзүлөрүнө керектүү болгон үй буюмдарына алмаштырып алышмакчы болушкан. Мисал катары: даарат кагаздарына, чакаларга, же чарба иштерине ылайыктуу буюмдарга. Азыркы учурда уюштуруучулар бул сынактын алгачкы аткаруучуларынан таштандыларды чогултуп, ордуна керектүү буюмдарды белекке берип кетишти.
Казан-Куйган айылынын тургундары, Капаровдордун үй-бүлөсү
Оттук айылынын тургундары, Кадыровдордун үй-бүлөсү
Оттук айылынын тургундары, Жунусовдордун үй-бүлөсү
Оттук айылынын тургундары, Эсенгуловдордун үй-бүлөсү
Таза аба, таза коом, таза жаратылыш, таза айыл үчүн мектеп окуучуларынын демилгеси менен уюшулуп жаткан бул экологиялык конкурска ар бир жаран активдүүлүгүн көрсөтүүсү маанилүү.
Алмазбекова Акылай, Казыбек уулу Кутман