Ак-Талаа районундагы Баетов айылында учурда жумасына эки жолу таштанды чыгарылат. Кээде таштанды ташуучу унаалар бузулуп калган учурда дүйшөмбү, шейшемби күндөргө жылдырылат. Таштанды көбөйгөн учурда чыгаруучу унаа бир күндө 7 жолу каттайт.
Айыл тургундары таштанды жана таз суу үчүн түтүн башына 50 сомдон 100, ал эми үйдөн суусу чыккандар 150 сомдон каражат төлөшөт. “Баетов таза аймак, таза суу” муниципалдык ишканасынын кызматкери Айнура Султанмуратованын берген маалыматына караганда төлөмдөрдү учурунда төлөбөгөн жарандар бар.
“Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Такыр эле төлөбөгөн жарандардын аты-жөнүн ачыкка чыгарсакпы деп да ойлоп жатабыз. Жазында таштанды абдан көп чыгарылып, бир күндө ташуучу унаа 7 жолу каттаган учур болду. Ошого жараша жарандар таштанды сорттоону үйрөнсө жакшы болот эле. Кагаз калдыктарын өрттөп, ал эми курулуш калдыктарын, желим идиш жана баштыктарды өзүнчө кылып чогултуунун кыйынчылыгы деле жок. Бардыгын аралаштырып салып коюшат. Аны болсо жумушчулар аны унаанын үстүндө баратып эле сорттошот” десе ушул эле ишкананын жумушчусу Мурадыл Карагулов “жарандар акысын төлөп жатабыз да дегендей мамиле кылышып, таштандыны унаанын үстүнө, бизге алып бергенден эринишет. Эптеп жөлөп коюп же ыргытып коюшат. Биз бир күндө унаадан түшүп, жердеги таштандыны кайра жүктөп, бир күндө 30км чейин жөө басабыз. Жаш эле адамдар үчүн таштандыны алып берип коюу маселе деле жаратпайт болсо керек”-дейт.
Ал эми Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков айыл ичиндеги үйүлгөн таштандыларды тазалоо, полигондорду иретке келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам берилерин айтты. Ошондой эле төлөмдөрдү төлөбөй жаткан жарандарга эч нерсе кыла албайбыз. Болгону алар айылдын тазылыгына аң-сезимдүү мамиле кылууга үйрөнүүсү керек деп кошумчалады.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Барчын Мамытбекова
Жергиликтүү кеңештин депутаттарына мандат тапшырылды
Куланак: Учкун айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңеш ишин баштады