Март – апрель айларында Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин медиа борборлору өлкөнүн 22 айылында медиа маалыматтык сабаттуулук семинарларын өткөрдү. Семинар айыл тургундарына арналып, катышуучулар фейк маалымат, сынчыл ой-жүгүртүү, шайлоо өнөктүгү жана Баш мыйзам тууралуу маалымат алышты. Иш-чара өткөндөн кийин медиа борборлордо кандай өзгөрүү болду?
Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөндөн кийин биздин Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунда бир топ өзгөрүүлөр болду, анын ичинде өзүмдө дейт Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору Анара Мааметова.
Анара Мааметова: “Мен көпчүлүк маалыматтарды ишенүү менен кабыл ала берчү экенмин. Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин журналисттери үчүн өткөргөн 2 күндүк тренингде биз жалган маалыматты аныктоо, анализдөө, Баш мыйзам жана шайлоо жөнүндө бир катар маалыматтарды алдык. Бул менин журналисттик ишмердүүлүгүмө дагы кошумча билим болду. Ошол тренингге катышып келип, айыл элине семинар өткөндөн кийин ошол билим өзүмдө дагы да бекемделди. Азыр кандай гана маалымат окубайын, ага ар тараптан суроо берип, сынчыл ой-жүгүртүү жөндөмүм курчуду. Мен бул көндүмдөр туурасында биздин айылдын элине дагы билген билимим жана тажрыйбамды терең бөлүшүүгө аракет кылдым”.
Анара Мааметова учурда дагы айылдаштардын жана кесиптештердин социалдык медиадагы тайпаларында медиа сабаттуулук боюнча билген билими менен бөлүшүп жатканын кошумчалады. Ал, фейк маалыматтар тууралуу үн катпай койсом, эртең тааныштарымдын бири интернет алдамчылыгына кабылып калсачы деп тынчсызданганын айтат.
Анара Мааметова: “Менин баамымда медиа маалыматтык сабаттуулук семинары өткөрүлгөндөн кийин айыл эли дагы жалган маалыматтарга ишенбей жана бөлүшпөй калды. Көпчүлүгү ишенимдүү маалымат булактарын окуп, көруп калды окшойт. Анткени, акыркы учурда биздин пикир алышкан баракчаларга байкоо салсам, алар жалган маалыматтар менен бөлүшпөй калгандыгын көрүп кубанып жатам. Ошентсе дагы, жалган акциялар, оюндар тууралуу билдирүү келсе, аларга ишенбөө керектигин дароо тайпанын катышуучуларына айтып турам”.
Гүлназ Камбарали кызы дагы медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн айымдардын бири. Ал Жалал- Абад облусундагы Ооган-Талаа айылында Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун координатору. Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөндөн кийин биздин мультимедиа борборду коомчулук бейтарап жана акыйкат принциптерин бекем карманган медиа борбор катары таанып баштады дейт Гүлназ айым.
Гүлназ Камбарали кызы: “Биз семинар өткөндөн кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосу болду. Добуш берүү жыйынтыкталып, бюлеттендер саналып жаткан учур эле. Ошол жайда байкоочулар, талапкерлер ж.б толуп калган эле. Милиционер киши көп болуп кетти деп ичиндеги адамдарды сыртка чыгарып жаткан. Анын арасында биздин эки кабарчыбызды дагы чыгарып койгон. Бирок, ошол жердеги эл өзү бизге ишеним көрсөтүп, Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору кирип, түз эфирде чагылдырып берсин деген талапты койду. Ошентип, биз элдин ишеними жана колдоосу менен шайлоонун жыйынтыгын түз эфирде чагылдырып турдук. Бул бизге чоң жетишкендик болду. Анткени, айыл эли бизге ишеним артты. Алар, бул медиа фейк маалыматтарды ажыратып, сынчыл ой-жүгүртө билет, эч бир тарапка тартпайт деген ойлорун айтып жатышты. Мындан тышкары, жакында дагы элдик жыйын болгону жатат. Ошондо дагы бул семинарды өтүп берсеңиздер деп мурдагы семинарларга катышпай калгандар суранып жатышат”.
Мурда мен дагы социалдык медиадан көп маалыматтарга ишеним арта берчүмүн, азыр сөзсүз маалыматты жана маалымат булагын текшерем дейт Гүлназ камбарали кызы.
Гүлназ Камбарали кызы: “Биздин мугалимдердин тайпасы бар. Ошол тайпага дагы башка мугалимдер коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу шилтемелерди жөнөтүп калышат. Ошондой учурда мен медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынан өткөн адам катары аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды медиа сабаттуу болууга чакырып, үйрөтүп жаттым. Негизинен азыр кандай маалымат келбесин, дароо эле ишенбейм. Алгач, маалыматтын чыккан күнү, жылы, андагы колдонулган мультимедиалык элементтердин (фото, видео, инфографика ж.б) чыккан жылына көз-салып, маалымат булагын текшерем”.
Касиет Кубанычбек кызы