Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджет бекитилди. Белгилей кетсек, Суусамыр айыл өкмөтү дотацияда турат. Быйылкы бюджеттин негизги бөлүгү жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ички жолдорду оңдоо иштерине багытталды.

Бюджетти бекитүү боюнча жыйынга жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана кызматкерлери, ошондой эле айыл башчылары катышты. Жергиликтүү бюджет жылына эки жолу каралат. Биринчи жарым жылдыкта чечилбей калган же каражат жетишсиз болгон маселелер экинчи жарым жылдыкта кайрадан талкууланып, чечим кабыл алынат.
2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттар катары жол жана таза суу маселелери белгиленип, колдоо тапты. Жыйынтыгында Суусамыр айылынын ички төрт көчөсүнө асфальт төшөө, ошондой эле Биринчи Май айылына таза суу чыгаруу иштери жаз айларында башталары пландалууда.
Мындан тышкары, Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин сырткы шыбактарын жаңылоо, Суусамыр айылындагы эки ФАПты оңдоо жана Кожомкул музейин реконструкциялоо иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды. Бул долбоорлорду ишке ашырууга каражаттын негизги бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каралса, калган бөлүгү фонддордун колдоосу аркылуу камсыздалат.
Даярдаган: Айтурган Кушкарбекова