2026-жылдын 15-февралында Кара-Көл шаарында, спорттун кол күрөш (Армрестлинг) түрү боюнча, Жалал-Абад облусунун тандоо турнири болуп өттү. Бул мелдеш жыл сайын өткөрүлүп, облус боюнча күчтүү спортчуларды аныктоочу маанилүү саамалык болуп эсептелет. Турнирди Кара-Көл шаарынын спортчулары жана Жалал-Абад облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурсултан Рустамов каржылап, жогорку деңгээлде уюштурулду.

«Кара-Көл шаарында облустук тандоо турунда спортчулардын даярдыгы абдан мыкты экендиги көрүндү. Мурунку жылдарга салыштырмалуу быйылкы мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, атаандаштык күчтүү болду. Бул мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр Республикалык жана Азиялык оюндарга жолдомо алышты. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, медаль жана дипломдор каралды. 1-орунга — 35 миң сом, 2-орунга — 25 миң сом, 3-орунга — 15 миң сом акчалай сыйлык берилди» — деп билдирди Нурсултан Рустамов.


«Мен бул турнирге чемпион болом деген ишеним менен бардым. Спортко болгон кызыгуумдун негизинде акыркы үч жылдан бери кол күрөш менен үзгүлтүксүз машыгып келем. Финалдык беттешке чейин ийгиликтүү жетип, чечүүчү таймашта күч сынаштым. Тилекке каршы, финалда атаандашым тактикалык жактан мыкты даярдык көргөндүктөн, жыйынтыгында экинчи орунду ээледим. Бул турнирде 8 жолку дүйнө чемпиону жана Азиянын 5 жолку чемпиону сыяктуу күчтүү спортчулар да катышты. Ушундай деңгээлдеги балбандардын арасында экинчи орунду багындырганым — мен үчүн чоң сыймык жана чоң тажрыйба болду. Азыркы учурда, мен 2024-жылдагы Кыргыз Республикасынын коло медалынын ээсимин жана Жалал-Абад облусунун вице-чемпионумун. Алдыга койгон негизги максатым — апрель айында өтө турган Кыргыз Республикасынын чемпионатына тыкыр даярданып, ийгиликтүү катышуу. Андан соң Азия чемпионатына жолдомо алуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Спорт — бул тартип, эмгек жана сабыр. Мен мындан ары да өз үстүмдө иштеп, райондун жана облусубуздун намысын татыктуу коргоого аракет кылам» дейт Терек-Суу айылынын тургуну, учурда Токтогул РЭСинде контролёр Кайрат Кенешбаев


Облустук чемпионат спортчулардын чеберчилигин жогорулатып, эл аралык мелдештерге жол ачкан маанилүү спорттук иш-чаралардын бири болду
Даярдаган: Азема Кудуева