Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде жалпы ата-энелер жыйыны уюштурулду. Иш-чарага 200дөн ашуун ата-эне катышып, мектептин ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат алышты.

Жыйын учурунда

Чынара Нурманова
«Жыйындын жүрүшүндө мектеп администрациясы өткөн окуу жылында аткарылган иштер тууралуу отчет берип, жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер тууралуу айтып өттү. Ошондой эле жаңы окуу жылына карата түзүлгөн иш-пландар жана билим берүү тармагындагы жаңылыктар ата-энелерге тааныштырылды.
Бала тарбиясында мектеп менен ата-эне бир багытта иш алып барса гана жакшы жыйынтык болот. Эгер ата-эне баласынын окуусуна кызыгып, мугалимдер менен дайыма байланышта болсо, анда баланын жетишкендиги да жогорулайт,” — деп билдирди.

Жыйын учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева, Малика Бакиева