Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына тапшырышты.
«Азыр пандемиялык кырдаалга байланыштуу мектептеги салтанаттар өтүлгөн жок. Ошол себептүү биз дагы баарыбыз чогулуп келе алган жокпуз. Классташтардын ыраазычылыгын билдиребиз. Сиздерге рахмат. Биздин келечегибизге сиздер жол салдыныздар»-дейт Байыш Акматалиев.
Ал эми бир топ жылдан бери Германияда иштеп, жашаган Бактияр Мусаев классташтары Мирбек, Тыныбек жана башка бардык кыздар- балдар 20 жылдык майрамда мектепке демөөрчүлүк көрсөтүүнү демилге кылышканын айтты.
Мектеп директору Астра Токтогулованын айтымында от жагуу мезгилинде мектептин жылуулугун туруктуу сактоо үчүн тамбур курууну жана башталгыч класстын окуучулары үчүн спорт аянтчасын курууну пландап жатышкан. Бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү ушул иштерди бүтүрүүгө чоң салым болду»,- деп ыраазычылыгын билдирди.
Барчын Мамытбекова