Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 2001-жылы Ой-Терскен орто мектебин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр айыл элине айыл чарба техникасын алып беришип, андан тышкары мектепке, муктаж үй-бүлөлөргө белектерин беришти.
20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Улан Сатиев:
» Биз жалпы классташтар биригип сүйлөшүп, айыл элине абдан керектүү комбайн алып берели деп чечкенбиз. Жыл сайын эгинди чаптырыш үчүн башка жактан комбайн жалдап келебиз, тарифи дагы өйдөрөөк болот. Биз мына бүгүн айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берип жатабыз жана убагында эл керегине жарайт деп ойлойбуз», -деп билдирди.
Ал эми дагы бир классташтардын бири Элзарбек Бокоев 20 жылдык юбилейде абдан толкунданып жатканын билдирди:
«Убакыт учкан куш экен, мына бүгүн баарыбыз чогулуп, сүйүнүп турабыз. Берген белегибиз кут болсун, айыл элине жардамы тийсин, ар дайым ушундай иш-чаралар болуп турсун демекчимин.»
Ал эми 20 жылдыктардын «В» классы мектептеги 1″в» класска китептерди белек кылышты. 1″в» класстын класс жетекчиси Айзада Карымшакова абдан сүйүнүп, эң керектүү белек экенин белгиледи:
«Биз үчүн күтүүсүз жагымдуу белек болду, себеби орус класстарда ар дайым жетишпей келген китептерди белекке беришти, жалпы орус класстын ата-энелеринин атынан, мугалимдердин атынан чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алардын 20 жылдыгы кут болсун, иштерине ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.»
Андан тышкары 20 жылдыктардын «Б» классынын атынан айылдагы муктаж үй-бүлөгө кир жууган машина алып беришти.
Асел Уркунбаева