Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук жайылтылууда. Бул туурасында Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин Кочкор районунда орун алган мультимедиа борборлору билдирди. Аталган райондогу Соң-Көл, Шапак, Чолпон жана Кочкор жамааттык мультимедиа борборлору айыл элине арналган медиа сабаттуулук семинарларын өткөргөн.
Мындай семинарлар ушул жылдын март – апрель айларында өлкөнүн 22 айылында болуп өткөн. Максаты, элдин маалыматтык коопсуздугу, коомдук турмушта жана окуяларга карата сынчыл ой-жүгүртүүсүн өстүрүү болгон.
Нурия Карымбаева Кочкор районунда жайгашкан Кочкор жамааттык мультимедиа борборунун координатору. Аталган борбор ушул жылы Жамааттык ЖМКлар Бирлигине мүчө болгон. Ал эми апрель айынын башында Кочкор жергесинде медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар өткөн. Семинарга 50дөн ашык адам катышып, фейк маалымат, сынчыл ой-жүгүртүү, шайлоо маалында жалган маалыматтын таасири, Баш мыйзам тууралуу маалымат алышкан. Аталган окутуу жыйынтыкталган соң, көп күттүрбөй өз жемишин берди дейт Нурия айым.
Нурия Карымбаева: “Семинардан кийин көп катышуучулар ыраазычылыгын билдирди. Анткени, ага чейин фейк тууралуу толук маалыматы болбогонун айтышты. Ошондой эле, биздин райондун WhatsApp тайпаларына келип турган фейк маалыматтар азайды. Буга чейин айыл тургундары өздөрү эле жалган маалыматтарды бөлүшө берчү эле. Азыр дагы айрым маалыматтардын чын же калп экенин билүү максатында айыл тургундары кайрылып калат. Ошондой эле Баткендеги жаңжалда дагы биз ошол эле WhatsApp тайпаларга такталбаган маалыматты чыгарбагыла деп жазып жаттык. Семинардан кийин өзүмдө дагы жакшы өзгөрүүлөр болду. Анткени, биз бул багытта билим алып, аны кайра элге жеткирип жатып, коомдо маалыматтык сабаттуулуктун жайылышына салым кошуп жатканыма өзүмдө сыймыктануу пайда болду”.
Ушундай эле семинарды Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургундары үчүн Шапак жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн. Семинарга катышкан көп адамдын көз-карашы өзгөрдү, жалган маалыматты аныктай билүү жөндөмүнө ээ болду дейт аталган борбордун координатору Бакыт Кожокматов.
Бакыт Кожокматов: “Биздин семинарга 50дөн ашык айыл тургундары катышкан. Эми менин максатым фейк маалыматтар, сынчыл ой-жүгүртүү ж.б темаларды жогорку кластта билим алган мектеп окуучуларына дагы жеткирүү. Биздин медиа борбор ушул жылдын 25-январында Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү болдук. Ошондон тарта медиа борбор катары айыл турмушун чагылдырып келебиз. Биздин бул семинарга бизди медиа борбор катары тааныбаган тургундар да келип катышкан. Иш-чаранын башында өзүбүздү тааныштырып, медиа катары жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүбүздү айтканда айыл тургундары кубануу менен кабыл алды. Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөрүү менен биз өзүбүздүн медиа борборубузду айыл тургундарына кеңири тааныта алдык”.
Медиа маалыматтык сабаттуулук семинары Кочкор районунун Төлөк айылында дагы болуп өткөн. Иш-чараны Соң-Көл жамааттык мультимедиа борборунун координатору Бурул Майрамбек кызы уюштурган. Белгилей кетсек, Соң-Көл жамааттык мультимедиа борбору дагы ушул жылдын январь айында негизделген.
Бурул Майрамбек кызы: “Биздин борбор ачылгандан тарта айылдагы жаңылыктарды жазып иштеп келебиз. Ал эми март айында биздин медиа борбор айыл эли үчүн медиа сабаттуулукка багытталган семинарды өткөрдүк. Ошондо биздин медиа борборду жалпы айыл жакшы тааныды. Ошондон бери айыл тургундары өздөрү дагы биз менен тагыз байланышта болуп келет. Айрымдары алардын жашоосунда болуп жаткан окуялар, жаңылыктар тууралуу бизге айтып, кайрыла баштады. Шайлоо маалында фейк маалыматтар дагы биздин айылда орун алып, айыл тургундары ал маалыматтардын чын же жалганын аныктоо үчүн кайрылып жатты. Андан тышкары, коронавируска каршы вакцина боюнча дагы жалган маалыматтар тарап жаткан. Бул боюнча дагы дарыгерлерден интервью алдык. Эми вакцинацияга өз каалоосу менен жазыла баштады”.
Апрель айында Чолпон жамааттык мультимедиа борбору дагы жергиликтүү элдин катышууунда медиа сабаттуулук семинарын өткөргөн. Семинардан кийин бир гана катышуучулар арасында эмес, өзүбүздүн медиада дагы олуттуу өзгөрүүлөр болду дейт аталган медиа борбордун координатору Урмат Өмүрбеков.
Урмат Өмүрбеков : “Семинарды өткөрүүдө биздин борбордо 13 ыктыярчы иш алып барды. Алардын 10 кыздар, 3 эркек. Бул иш-чарадан кийин дагы ыктыярчылар медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча маалыматты элге жайылтып келет. Ал эми семинарга катышкан айыл тургундары фейк маалыматтарга алданбай, ал эми шайлоодо манипуляцияга көңүл бурбай өз добушубузду бердик деген пикирлерин билдирди”.
Касиет Кубанычбек кызы