Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо жана Ала Буга айыл аймактары мамлекет тарабынан берилген 10 млн. сом акча каражатка айыл чарба техникаларын сатып алышууда. Атап айтканда, КРнын Президенти С.Жапаровдун жарлыгынын негизинде жаңы түзүлгөн айыл аймактарды колдоо иретинде 10 млн сомдон акча каражаты бөлүнгөн.
Райондогу Тоголок Молдо айыл аймагы каражатка Nova 340 маркадагы дан эгиндерин жыйноочу комбайн жана тракторго чиркегич сатып алса (комбайн — 9 490 000 сомго жана тележка (прицеп) 442 800 сом) , Ала-Буга айыл аймагына комбайн жана жергиликтүү бюджеттен 300миң сом каражат кошуп, жүгөрү силос чапкыч сатылып алынган.
Барчын Мамытбекова