Ак -Талаа райондук Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары «Жаш музыкант 2024» облустук кароо-сынагына катышып, байгелүү кайтышты. Тактап айтканда аталган сынак музыкалык мектептер арасында 15-май күнү Жумгал районунун Миң Куш шаарчасында өтүлүп, ага райондук балдар музыкалык мектебинен 10, ал эми сынакка жалпы 85 жаш талант катышты.
Жыйынтыгында Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучусу баян аспабы боюнча Таштанбеков Медер баян боюнча 1-орун, Бектурсунова Улара аккордеон боюнча 1-орун, Балтабаева Айтумар комуз боюнча 3-орундарды камсыз кылышты. Ал эми үйлөмө аспаптарда ойноодо Чомон Сагыналиев 2-орунду жеңип алышты.
Музыкалык мектептин директору Венера Артыкбаеванын маалыматына караганда алдыңкы орундарды камсыз кылган ар бир окуучу жана мугалимине диплом жана кубоктор тапшырылды.
Сынак 2014-жылы облустагы музыкалык мектептердин демилгеси менен уюшулуп, 10 жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Сынакта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, музыкалык окуу жайлардан өкүлдөр келип, калыстар курамында болушту.
Барчын Мамытбекова