Бүгүн 18-майда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда саат 12:00 чамасында (Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында) сел жүрүп, кум шагылга толтуруп салган.
Сел болуп бүткөн учур
Жолдорду тазалоо учурунда
Жийде айыл аймагынын айыл башчысы Мырзали Осмонов:
Мырзали Осмонов
«Түшкү саат 11:30 чамасында Жийде айыл аймагында жамгыр өтө катуу жаап, сел жүрдү. Сел элдердин короолорун көчүрүп, машиналарды агызып, сайдагы үлүштүк жерлерди басып калган. Сел болгонуна байланыштуу 1 саатка жол жабылып, жардамга трактор, экскаваторлар келип жолдорду тазалап кетишти», — деди Жийде айыл аймагынын айыл башчысы Мырзали Осмонов.
Селден кулаган дубалдар
Сел бир топ айдоо жерлерди жараксыздыкка алып келди
Айиса Матраимова Жумагүл Көчкөнбаева