27-майда Нарында «Китеп той 2021» аталышындагы маданий иш- чара өткөрүлдү.
«Китеп кербени» жана «Бир адамдан бир китеп» долбоорлорунун өнөктөштүгү менен жүзөгө ашкан китеп тойдун максаты коомчулукту, айрыкча жаш муунду китептин керемет дүйнөсүнө багыттоо болуп саналат. Бул туурасында КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, «Китеп кербени» долбоору Нарын казыятынын, «Жаш тилек», «Жаш муун» коомдук уюмдарынын уюштуруусунда Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевдин демилгеси менен 2019-жылы негизделген. Долбоордун алкагында үч жылдан бери балдар арасында китеп окуу кароо-сынагы уюштурулуп, 3000 окуучу катышкан. Балдар Мамбетасан Ибраевдин калемине таандык «Эмне үчүн китеп окушубуз керек?» жана ушул эле автордун которуусундагы түрк элинин «Биз эмнеге муктажбыз?», «Болоор бала» китептерин окуп чыгып, тест тапшырышкан. Китеп окуу сынагы бардык райондордо жана Нарын шаарында өткөрүлүп, 3000 окуучудан 300 бала экинчи турга тандалып алынган. Алардын ичинен 70 бала финалдык турга чыккан.
Ал эми «Бир адамдан бир китеп» долбоору 2019-жылдан бери республикабыздын бардык айыл-аймактарында ишке ашырылып келет. Аталган долбоордун алкагында жалпы 160 миңдей китеп чогултулуп, 200 китепканага бөлүштүрүлгөн. Анын ичинен айрым китепканар долбоордун арты менен жаңы ачылган.
Иш- чарада китеп сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары, китеп жарманкеси уюштурулуп, «Жамгыр» басылмасынын китептери китеп сүйүүчүлөрдүн назарына коюлду. «Ийгилик сени издейт» темасында белгилүү инсандар ой бөлүштү. Поэзия мүнөттөрүндө көркөм ырлар окулуп, патриоттук чыгармаларга орун берилди. Китеп майрамы коомчулукка жан дүйнө азыгын тартуулап, сөз кадырын билгендердин черин жазды.
Маданий иш- чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын колдоосу менен уюштурулду. Китеп тойго катышкан ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев билимдүү муунду тарбиялоодо бул иш- чаранын мааниси зор экендигин баса белгиледи. Китеп окууну жайылтуу иш чарасынын демилгечилерине, демөөрчүлөрүнө, ата-энелерге, мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.
Ача-Кайыңдылык 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айыл элине комбайн алып беришти
Асель Үркүнбаева