Статистика көрсөткөндөй эркектер жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) пайда болушуна көбүрөөк кабылышат, ал эми аталган оорулардын тобунда өлүм көрсөткүчү жогору, айрыкча жүрөк кан тамыр ооруларынан болгон өлүм учурлары көп катталат.
Ар бир ФАПка акция боюнча маалымат берилди
Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Алардын ичине жүрөк кан-тамыр оорулары, рак шишиги, өпкө оорулары жана кант диабети кирет.
Бул ооруларды алдын алуу багытында, баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүдө эркектерди көбүрөөк камтуу максатында Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Кыргызстандын бардык аймагында “Жооптуу Бол” акциясын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Ноокат Жалпы дарыгердик практика борборунун (ЖДПБ) Баарын амбулаториясынын Ден соолукту чыңдөө бөлүмүнүн адиси Жоодарбек Анарбаев маалымат берди:
Жоодар Анарбаев акция боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө
“Бул акция эркектер үчүн, себеби биз ооруканага баргандан дагы тажайт экенбиз, өзүбүздүн ден соолугубузга кош мамиле кылып, күйбөгөн жан экенбиз. Кыргызстанда орто эсеп менен эркектер 68 жашка, аялдар 76 жашка чейин жашайт. Акциянын эркектерге багытталганынын себеби да ушул болуп эсептелинет.
Акциянын «Жооптуу бол» баракчаларын мектептеги класс жетекчилерге таркаттык. Алар өзүнүн классындагы ар бир окуучуга берет дагы, ал окуучу үйүнө барып, атасына же агасына, 18 жаштан жогорку эркектерге берет. Баракчанын ылдыйкы жагында кыркыла турган жери белгиленип кеткен, облусу, району, айылы, мектеп, аягында барган адамдын телефон номери деп жазылган. Ал баракчаны ФАПка алып барса, ал адамды текшеришип, мед кызматкерлер баракчаны толтуруп, кыркыла турган бөлүгүн кыркып алып, калган оору жөнүндө маалыматтары бар жери кайра кайтарып берилет”.
Санавар Маматова
Акция 2023 жылдын 13-февралында башталган. Куу-Майдан айылдык ФАПтын жетекчиси Санавар Маматова айыл тургундары акцияга активдүү катышып жатышканын билдирди.
“Бул акциядан кийин өзүнүн ден соолугуна кайдыгер карабаган айылдын тургундары көрүнүүдө. Көрүнүнгөнү келген эркектердин саны көбөйдү десем жаңылышпайм, мурдагыга караганда 3-4 эсе көбөйдү. Келген бейтаптын салмагын, боюн, кан басымын өлчөйбүз, өзүнүн этаптары менен иш алып барабыз. Акциянын алкагында кайрылган эркек кишилерди текшерүү учурунда кан басымдын жогорулап кетүүсү, толуп кетүү, ашыкча салмак, кант диабети, тамеки чегүү көп кездешип жатат”.
Айыл тургундары көрүнүүгө келип жатышат
Акция ушул жылдын 13-мартына чейин уланып, жыйынтыгы 20-апрелде жарыяланат. Жергиликтүү медициналык мекемеге кеңеш алуу үчүн канчалык көбүрөөк эркек адамдарды алып келген мектептер жеңишке ээ болот. Конкурс облустук деңгээлде өткөрүлүп, ар бир облустан 3 мектеп тандалып, баалуу сыйлыктар тапшырылат.
Айыл тургуну Роман Аширбеков акциянын шылтоосу менен көпчүлүк мырзалар өзүнүн ден-соолугу жөнүндө кеңеш алышканын билдирди.
“Биз жөн эле врачка бара бербейбиз да, качан катуу ооруганда гана барабыз. Иштеп жүрө беребиз көчөдө, аны муну бүтүрөйүн деп”.
Статистикалык маалыматарда белгилүү болгондой, эркектердин дээрлик ооруну алдын алуу жолдорун көрүшпөйт. Ооруканага барып көзөмөлдөөдөн өтүү көрсөткүчү төмөн. Мунун себеби коомчулукта кенири жайылган “эркек оорубашы керек”, “арызданбашың керек”, “кучтуу бол”, “эркек ыйлабайт” деген сыяктуу тыюулар жана стереотиптик көз караштар. Адистер мындай көз караштарды таңуулабастан, ар бир адам дени сак жашоого умтулуусу керектигин белгилешет.