Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булун айыл аймагында чоңойгон Мирзат Токтомадинова 2006-жылы Россия Федерациясына мигрант болуп келип, ушул күнгө чейин Новосибирск шаарында жашап, эмгектенип келе жатат. 2007-жылы өмүрлүк жолдошу Мырзапаяз менен баш кошуп, ийгиликтүү иштеп, 5 баланы өстүрүп тарбиялап келе жатышат. 2011-жылы Россиянын жарандыгын алып, азыркы учурда өз күчтөрү, таза мээнети менен үй алып, балдарын толук камсыздап, окутуп бардык шарттарын түзүп жашап жатышат.
Көптөгөн мигранттардай эле өз Ата-Мекенин патриоттору катары кайрымдуулук иш- чараларга катышып, салымдарын кошуп келишет. Жаңы келген мигранттарга жол көрсөтүп, иш табууда, дарыланууда, билим алууга келгендерге өз жардамын аябайт.
Чет жерге келип, алгачкы жумушка киргенин эстеп Мирзат Токтомадинова бизге маек берди:
“Биринчи келгенде лавр жалбырагын упаковка кылып, жасап чаптайт элек. Жакшы жасаганым үчүн Грузиндерге жакты. Айлыгымды топтоп, 3миң рублге патент алганмын. Турецкий фирмага жумушка кирип, бөлүм башчы болуп иштедим. Кыргыз кыздарды жумушка кабыл алчумун. Жумушка кирүү, уруксат алуу кыйын эле, патент алып, ишке орношком. Үй жагынан, тамак-аш жагынан кыйналган жокмун. Себеби, бул жакта тайке-таэжелерим болгон үчүн. Бардык ишти чын дилиң менен жасасаң, бардык жетишкендиктерге жетет экенсиң.
Россияга келип, кыйналып иштеп, үзүрүн көрүп жаткан учурубуз. Ата-энелерибизди сыйлап, жыл сайын эс алдырып турабыз. Кыргызстандан келген адамдарга жол көрсөтүп, жардам бергенге аракет кылам. Новосибирск шаарындагы кыргыздардын алдыңкы үлгүлүү үй-бүлөлөрүнө киребиз. Ар дайым жолдошум жанымда колдоп келет. Азыркы учурда көптөгөн ийгиликтерди багындырып, балдарды бактылуу балалыкта чоңойтуп жатабыз.”
Жетишкен ийгиликтери:
Новосибирск шаарынан 3 бөлмөлүү үй алдык. Ушул шаардан турмушка чыктым. 5 баланын энесимин, сүйүктүү жар болдум, бактылуу эне болдум. Жолдошум 5 баланы төрөгөнүм үчүн авто машина белек кылды. 2022-жылы Эмгектеги жетишкендиктери, балдарды жакшы тарбиялагандыгы үчүн Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Өрнөктүү эне” медалын алган. Бишкек шаарынан “Арча-Бешик конушунан участок сатып алып, үй салып, учурда квартиранттар жашап жатышат.”
Жашоодогу принциби:
“Эч кандай тоскоолдукка карабай максатың үчүн күрөш.Элге кылган жакшылыгың, эч качан жерде калбайт.”
Жашоодогу кумир туткан адамдары: Ата-энеси
Анара Мааметова