Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына “Бишкек-парк” соода-оюн-зоок борборунда “Илимдеги кыздар” долбоорунун көргөзмөсү өтөт. Бул илимий көргөзмө кыздар менен аялдарга окуудагы, карьералык жана илимий жетишкендиктерине колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилөө максатында уюштурулуп жатат.
Бул күнү “Илимдеги кыздар” программасынын катышуучулары өз ойлоп табуулары менен тааныштырышат, алардын арасында аба тазалагыч, робот жардамчысы жана химиялык тажрыйбалар бар. Иш-чаранын кульминациясы – наноспутниктин 3D-модели учурулат.
Илимий көргөзмө 8-мартта саат 14:00дөн 16:00гө чейин Киев көчөсү, 148 дарегиндеги “Бишкек-парк” соода борборунун нөлүнчү кабатында өтөт.
Ошондой эле Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча аялдардын Азия кубогу өтөт (U20). Беттеш Европа Биримдиги менен БУУнун кыздар жана аялдар үчүн зомбулуксуз жашоого үндөгөн “Теңдик нуру” аттуу биргелешкен демилгесинин алкагында өтөт. Беттешке ЮНИСЕФтин өкүлү жана Европа Биримдигинин Элчиси Мэрилин Йосефсон катышат деп күтүлүүдө. Кыргызстандын курама командасы 8-мартта саат 20:00дө Гуаманын жана 10-мартта саат 20:00дө Австралиянын курама командаларына каршы чыгат.