Көптөгөн өлкөдө Аялдардын эл аралык күнү 8-мартта өтүлчү майрам. Бул күндү белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Ал эми азыркы учурда 8-март коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет.
Эл аралык аялдар күнүнүн башталышынын америкалык таржымалы бар. 1908-жылы Нью-Йоркто 15 миңдей кыз-келиндер жумушчу күнүн кыскартуу, айлыкты көбөйтүү, добуш берүү укугуна ээ болуу сыяктуу талаптар менен демонстрацияга чыккан. Ошентип Аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган. Ал эми 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан. Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Негизги максаты — бул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон. Биринчи жолу Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген.
8-март тууралуу жана башка кызыктуу фактыларды төмөндөн окуй аласыздар:
Бул майрам дайым эле 8-мартта белгиленген эмес. 1909-жылдан 1913-жылга чейин февраль айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келген. Биринчи заманбап Эл аралык аялдар күнү 1914-жылы, 8-мартта өткөрүлгөн. Анткени ошол жылы 8-март көпчүлүк аялдар иштебей турган жекшемби күнү болуп, жүрүштөргө жана башка иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берген. Ошондон бери майрам ушул күнү белгиленип келет.
Капиталисттик өлкөлөр 8-мартты майрам катары кабыл алышкан эмес, азыр да ошол бойдон. Бирок Америкада – “Апалар күнү”, Францияда – “Чоң энелер күнү”, Японияда – “Кыздар күнү” деп майрамдалат. Алар жаз айларында майрамдашат. Ал эми Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Түркмөнстан, Армения, Азербайджан, Ооганстан, Беларусия, Вьетнам, Гвинея-Бисау, Грузия, Замбия, Камбоджа, Кирибати, Кытай (аялдар үчүн гана), Коста Рика, Куба, Лаос, Мадагаскар (аялдар үчүн гана) , Молдова, Моңголия, Непал (аялдар үчүн гана), Сербия, Уганда, Украина, Хорватия, Черногория, Эритрея, Латвия өлкөлөрүндө расмий белгиленет.
Өткөн жылдын июнь айында Түштүк Корея өлкөсүнүн Сеул шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Ага теги Кыргызстандык Айсулуу Аширалиева мандатын коюп, депутат болуп шайланды.
Ал буга чейинки ЖМКлардагы маегинде Түштүк Кореяга 2004-жылы көчүп кеткенин билдирген. Ал Түштүк Кореянын жаранына турмушка чыгып, уулу менен кызын тарбиялап келет. Маданият жана искусство боюнча «Ай-Пери» борбор азиялык ассоциациясын негиздеген.
Бул күнү Аэронавтика Эл Аралык Федерациясы биринчи жолу аял учкучка лицензия берген. Ал француз учкучу Элиз де Марош. Ал убакта аялдар күнү расмий майрам болгон эмес.
Демек бул майрам Байыркы Римден бери келе жатат. Римдиктер жубайларын куттуктоолор жана ар кандай белектер менен куттукташкан. Ал эми күңдөр бул күнү эс алышкан.
Сирияда 8-март Революция күнү, Замбияда болсо Жаштар күну, Малайзияда Султан күнү, Либерияда – Согушта курман болгондорду эскерүү күнү деп айтылат. Ал эми Индияда 8 — март Холи же Боектор майрамы. Өлкөдө майрамдык от жагылып, бийлеп, ырдап, боелгон сууларды бири бирине чачышып ойношот.
80ден ашуун өлкөдө 18-ноябрь эркектер күнү болуп белгиленет. Бирок БУУда ал атайын дата катары каралган эмес. Ал күндү белгилөөдөгү негизги басымды эркектердин саламаттыгына жана үй-бүлөдөгү ордуна жасашкан.
Эл аралык аялдар күнүнүн логотиби жебе жана аял символу (Венера белгиси) менен илмектелген тегерек.
Аймончок Кожонова