Алгачкы жаз айынын башталышы менен кошо 8-март аялдардын эл аралык күнүн майрамдап келишет. Бирок, акыркы учурда коомчулукта бул майрамды гүлдөрдүн жана белектердин майрамына айлантып анын түпкү максатына маани берилбей келет.
8-март майрамынын кандай же кайсыл максаттар менен белгиленип келет деген суроого жооп издеп Барскоон айылынын тургуну Рустам Курманбековго кайрылып кѳрдүк.
«8-март аялдар үчүн чоң мааниге ээ деп эсептейм. Анткени айымдар 8-март күнү тең укуктуулук орношу үчүн күрѳшкүн күн. Ошондон тарта бул майрам аялдардын эл аралык күнү деп белгиленип келет. Бул күнү эркектер тараптан аялдарга ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулуш керек. Жеке эле майрам күндѳрү эмес баардык күндѳрү эле. Анткени аял заты эң бийик турган күчтүү адам зат. Аял затына ар дайым кѳңүл буруу менен жашасаң ошончолук түшүмүн мол кѳрѳсүң. Бул майрамда гүлдѳрдү, ар кандай белектерди тапшыруу менен айымдардын маанайын кѳтѳрүп бактылуу кылууга мүмкүнчүлүк алабыз. Колубуздан келишинче белектерди тапшырабыз, кафе, ресторандарга алып барып сыйлайбыз. Эң негизгиси айымдарды бул күнү эң жогорку чекитке чейин маанайын кѳтѳрүү керек деп эсептейм».
8-март аялдардын эл аралык майрамынын тарыхына бир аз токтоло кетсек, анын түпкү мааниси бул аялдардын социалдык коомдо ѳзүнүн тең укуктуулукка күрѳшүүсүндѳ. Себеби 8-марттын эң алгачкы тарых 1908 жылдан башталат. Ошондой эле аялдар Европа ѳлкѳлѳрүнүн чоң аянттарына эң алгачкы жолу ѳздѳрүнүн социалдык чѳйрѳдѳгү тең укуктуулугуна атайын ушундай марштарга чыгып демонстрациялап катышып башташкан. 8-март Аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы Копенгаген шаарында ѳткѳрүлгѳн социалистердин II Эл аралык конференциясында кабыл алынган. Айымдардын майрамы Европа ѳлкѳлѳрүгдѳ 1911-жылдан бери белгиленип келет. Азыркы күндѳ 8-март майрамдын түпкү мааниси эмнеде деген суроо менен «InKoom» долбоорунун жетекчиси Бактыгуль Исланбекова кайрылып кѳрдүк.
«Азыркы учурда аялдарды 8-мартта куттуктап же 8-март майрамын майрамдаган мүнѳзү, максаттары бир аз ѳзгѳрүп кѳбүнчѳ романтизацияланып кеткен дагы аялдарды кѳбүнчѳ аялдарга аяр мамиле кылуу, алардын назиктигин же болбосо башка ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ басым жасап сѳзсүз түрдѳ гүл берип, аларга бир белек-бечкектерди берип ошентип келишет. Бул майрамды эл аралык майрам кылып койгон, себеби сѳзсүз түрдѳ аялдардын тең укуктуулукка жетүүсүн эске салып, ошол күнү жана март айында кѳбүнчѳ аялдардын тең укуктуулугуна жетүү үчүн атайын чаралар кабыл алынып аялдардын социалдык чѳйрѳдѳгү ролуна кѳбүрѳѳк кѳңүл бурулсун деп коюулган максат. Бул эң алгачкы максат болуп келет. Бирок тилекке каршы азыр баардык эле чѳйрѳлѳрдѳ, баардык эле коом ошондой максат менен бул майрамды майрамдап келишпейт».
Мындан тышкары алардын эң алгачкы талаптары бул жумуш саттарын кыскартуу, жашы жете элек балдардын жумуш иштѳѳсүнѳ тыюу салуу болгон. Дагы эркектер менен аялдардын айлык маянасын бирдей тѳлѳнүп аялдардын айлык маянасы кѳбѳйсүн жана аялдар менен эркектерге бирдей тең укуктуулукту талап кылышкан Бактыгуль Исламбекова кошумчалады.
8-март аялдар үчүн абдан эле чоң мааниге ээ. Себеби эң алгачкы бизде Кыргызстанды карап кѳрсѳк Кыргызстанда дагы аялдардын гендердик ролдору кѳптѳгѳн стереотиптер менен коштолуп келет азыркы күндѳ дагы. Аялдар деге эле коомдо эркектер менен тең укуктуулукка жете элек тилекке каршы. Ошол эле аялдарга карата зордук-зомбулуктар абдан күчѳп жатат. Аялдардын ошол эле чечим кабыл алуучу органдарда саны жеткиликтүү эмес. Ошондуктан сѳзсүз түрдѳ Кыргызстандын аялдары үчүн дагы абдан маанилүү. Себеби алар дагы азыркы күнгѳ чейин тең укуктуулукка жетүү үчүн күрѳшүп келишет. Ошондуктан бул майрамдын маңызы аялдардын социалдык,гендердик ролдору ушул жаатына дагы кѳбүрѳѳк кѳңүл бурулуп, аялдардын укуктары эч качан бузулбай тең укуктуулукка жетүү үчүн атайын чараларды кабыл алууга кѳңүл буруп эске салуу зарыл».
Барскоон айылынын тургуну Минура Кѳчкѳнбай кызы дагы көпчүлүк коомдо жайылган 8- марттын майрамдоо боюнча пикирде. Ал бул күндү айымдар үчүн ѳзгѳчѳ майрам деп эсептептейт. Анткени ал күнү ѳмүрлүк жолдошу ага ѳзгѳчѳ маани берип маанайын кѳтѳрөт:
«Биздин үй-бүлѳ болуп жашаганыбызга 8 жылдын жүзү болду. Баш кошкондон бери жолдошум майрамдарда ар кандай белектерди берип кубантып келет. Анын Кыргызстанга келгенине бир аз эле убакыт болду. Бир топ жылдан бери чет ;акта эмгектенип жүрчү. Ошого карабастан майрамдарда белектерин салып жиберип кубандырчы. Жеке эле мага эмес белектерди кайненеме, кайын сиңдилериме кошо жѳнѳтүп турчу. Мындан тышкары, бул майрамда жакшынакай дасторкон даярдалып, түрдүү тамак-аштар, таттуу нандар менен коштолот келет эмеспи. Үй-бүлѳдѳгү бардык аял затына мырзалар тарабынан сый урмат кѳрсѳтүлүп келет. Негизинен март айындагы майрам биз үчүн эң маанилүү деп ойлойм. Бардык айымдар бул күнү мырзалардан гүл, ар кандай белектерди күтѳт. Эң негизгиси мырзалардын ѳзгѳчѳ кѳңүл буруусун күтѳбүз».
Аял ыйык деген сыяктуу сөздөрдү байма-бай колдонгон менен учурда дагы деле аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой, үрөй учурган окуяларга күбө болуп жатабыз. Аларды аялдар жана кыз келиндер чоочун адамдар тарабынан эмес өз үйүнөн башкача айтканда жолдошу тарабынан көргөн. Ар бир адам коопсуз жашоого укуктуу.
Гүлкайыр Осмоналиева