8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Талас шаарындагы бардык жаш курактагы жашоочулардан бул майрамдын мааниси туурасында сурамжылоо жүргүздүк. Жоопторду мектеп окуучулары, активистер, депутаттар, пенсионер, соодагерлер, ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана башка тургундар беришти.
Жоопторду билип алдык. Катышуучулар арасында Клара Цеткин тарыхка киргизген деп бир нече ирээт айтылып кетти. Эми бул майрам качан? Кантип пайда болгонун билүү үчүн биз тарых мугалими Хан-Темир Өмүрзаковко кайрылдык.
Ал кийинкилерди айтып берди: “Алгачкы адамдардын жааматтык топтору түзүлө баштаган мезгилдерде матриархаттык же болбосо аялдык башкаруу системасы болгон. Кийин уруулук системанын пайда болушу менен патриархалдык системага өтүп жашаша баштаган адамдар. Аялдар күнү болсо Клара Цеткиндин инициативасына чейин эле байыркы Рим аялдары белгилеп турган. Ал эми майрамдын пайда болуунун себеби 1857 жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар көтөрүлүшкө чыгышкан. Алар өздөрүнүн укуктарын, эмгек акыларынын төмөндүгү , иш шарттарынын аялдарга ынгайсыздыгына нааразычылык билдиришим чыгышкан. Кийин 1909 жылы Америка Социалистик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын улуттук күнү деп жарыялаган.
Анан 1910 жылы Копенгаагенде аялдардын 2-чи Эл аралык конференциясында Клара Цеткин бүлткүл дүйнөдө аялдардын тенсиздикке , өз укуктарына күрөшүү тилектештин күнүн белгилөөгө сунуштаган. Бул күн алгачкы жолу 1911 жылы Германия, Австрия, Швецарияда жана Данияда белгиленген. Ал эми Россияда падышалык учурунда 1913 жылы өткөрүлгөн. Ал эми ССРде Советтер Союзунун президиуму 1965 жылы 8-чи майдын указы менен “8-чи март аялдардын эл аралык күнү дем алыш болсун деп жарыяланган”. Ал эми Кыргызстанда бул күн 1920 жылдан баштап белгиленип келген. 1924 жылы алгачкы аялдардын техникалык кесиптик окуу жайы ачылган. Ал эми Кырыгызстандагы эн алгачкы аялдардык клубу 1925 жылы Талды Сууда уюштурулган. Бүгүнкү күнү бул майрам союздан калган адат катары майрамдалып келе жатат”
Тарыхка баш баккандан кийин биз ушул майрамдын маанисин билүү үчүн фемактивисттерден сурап көрдүк. Инстаграмда феминизм жөнүндө блог жүргүзгөн “Фемсоц” баракчасанын алып баруучусу, өзүн «Либерта» деп атаган активист кийинкилерди айтып берди: “Кыргызстандагы аялдар 1917 жылы болгон революциядан кийин укуктарга ээ болушкан социалисттик башкаруу келгенден кийин. Бирок демократияга ээ болгон бүгүнкү Кыргызстанда аялдардын укугу кайра начарлап кетти. Акыркы 30 жыл ичинде патриархалдык капитализм өскөндөн бери парламетте аялдар азайып, алардын укуктары дагы чектелип жатат(ограничиваются), жумуш иштегендерге да кысым жасалып жатат.
Мисалы: кыздарга билим алууга тыйу салып, мажбурлап турмушка берип, башкаруу кызматтарга албайт, эркектердей эле жумуш кылганы үчүн төмөнкү айлык акысын алышат, бекер бала бакчалардын жоктугуна байланыштуу аялдар үйдө балап карап отуруп калат. Андан тышкары аялга көрсөтүлгөн зордук зомбулуктар, өлүмдөр жазасыз калып жатат. Дал ушул себептер үчүн жылсайын 8-чи мартта аялдар өз укутары үчүн маршка чыгышат. 8-чи март бул гүлдөр белектер эмес, бул аялдардын укугуна күрөшүү күнү”- деп Либерта айым сөзүн жыйынтыктады”.
Айгуль Сакеева