Ноокат районунуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептердин мугалимдери менен окуучуларына медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренинг уюштурулду. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары, “МедиаСабак” фондунун Түштүк боюнча координатору, аталган окууда тренерлик кылган Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.
Жапар Нышанов мектебинде болгон семинардын катышуучулары
Иш-чара 4-февраль күнү Жапар Нышанов орто мектебинин, 5-февраль күнү Шаңкол орто мектебинин базасында уюштурулуп, ага аталган мектептерден тышкары Ак-Чабуу, Шаңкол, Арбын, Дары-Суу мектептеринин медиа бурчтарды уюштуруу аркылуу медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу боюнча жооптуу мугалимдери менен окуучулары катышкан.
Щаңкол мектебиндеги семинардын катышуучулары
Тынчтыкбек Досмуратовдун айтымында аталган иш-чара “Шаңкол деми” демилгечилер тобунун колдоосу менен өтүп, мектеп жамааты аркылуу айылдагы тургундардын медиа жана маалыматтык сабаттулугун арттыруу, ошондой эле мектептик медиа бурчтардын иштерин жакшыртуу максатында уюштурулган. Окуунун жүрүшүндө катышуучулар маалыматтын түрлөрү, фейктер, электрондук кат жазышуу маданияты, нетикет ж.б. боюнча маалыматтарды алышып, практикалык иштерди аткарышкан. Мындан тышкары мектептик медиа бурчтарды уюштуруунун заманбап ыкмаларын үйрөнүшкөн.
Тынчтыкбек Досмуратов
“Азыр айылдагы жашоочуларга да интернет жеткиликтүү болгондуктан, көбүнүн күнү электрондук маалыматтарды алмашуу менен өтүүдө. Бирок ошонун баарына туура анализ жүргүзүү, медианын ар кандай түрүндө сапаттуу билдирүү жарата билүү үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук керек. Семинар-тренингдин жыйынтыгында мектеп окуучулары мектептик медиа бурчтарды сапаттуу алып барып, тактап айтканда мектеп турмушун социалдык желелерден байма-бай чагылдырууга бет алуусу керек. Бул аркылуу окуучулардын жетишкендиктери жакшырып, мектеп менен ата-энелердин ортосундагы баарлашуу аянтчасы да заман шартына ыңгайлашышы зарыл”,- дейт Тынчтыкбек Досмуратов.
Маалымат оюнун ойноп жаткан учур
Нышанов медиа бурчунун жетекчиси Нурзада Алиеванын билдирүүсүндө өтүлгөн семинар ыктыярчылар үчүн пайдалуу болду: “Семинар биз үчүн кызыктуу болду, ыктыярчыларыбыз жаңы маалыматтарды алды”.
Буга чейин Ош шаарында 3 күндүк семинарда 4 мугалим медиа боюнча окуп келгендигин дагы кошумчалады.
Тренер берилген тапшырманы текшерип жаткан учур
Ал эми Ак-Чабуу мектебинин мугалими Гүлзада Абдрахманова маалыматтарды айырмалоону жакшы үйрөнүп, фейктерди айырмалап калганын айтты:
“Биз буга чейин мындай маалыматтарды билчү эмесбиз, эми айылга барып окуучулар арасында да медиа сабаттуулукту өнүктүрмөкчүбүз”.
Алимбек Омаралиев
Нышанов медиа бурчунун ыктыярчысы Алимбек Омаралиев семинардан үйрөнгөн маалыматтары менен бөлүштү:
“Ар бир доордун медиасы ар башка. Мисалы, мурда китеп негизги медиа болуп саналган. Ал эми заманбап турмушубузда түрдүү каналдар аркылуу ар бир адам күнүгө океандай көлөмдүү маалыматка туш болот. Маалымат аң-сезимге түздөн-түз таасир этет. Саясий кырдаал, экономикалык туруктуулук жана адамдардын ортосундагы мамилелер да андан көз каранды. Ошондуктан, ар бир адам медиасабаттуулугун өрчүтүүсү маанилүү”,- дейт.
Аймончок Кожонова