Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн 1973-жылы туулган айыл тургундары жана жаштары биргеликте Кызыл-Кыя шаарына кеткен жолдун бөлүгүн кеңейтүү ишин башташты.
Бул боюнча айыл тургуну Абсатар Эшимбаев элге төмөнкүчө кайрылуу жасады:
«Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй- бүлөлүк бакыт, мекенибизге өнүгүү каалайм.
Урматтуу эл журт, жагымдуу жаңылыкты айтардан мурда кыскача жол боюнча айта кетейин. Жол-адам, транспорт жана башка каттоого, жүк ташууга арналган жол катнаштарынын жалпы аты. Элибизде жолду төмөнкүчө бөлушөт: ак жол, узун жол, кыска жол, даңгыр жол, кыя жол, кыйыр жол, кан жол, темир жол жана башка. Адам баласы жашоодо өмүрүнүн бир бөлүкчөсүн жолдо өткөрөт экен. Жол тармагы Евразияда биздин заманга чейин 5мин жылдыкта пайда болгон дешет.
Биздин Кыргызстаныбыз арзан баада болгон деңиз жолуна чыкпаса дагы, бактыбызга улуу Жибек жолунунун так ортосунан болгонубуз дүйнөгө жол жүрүүгө шартыбыз бар деп ойлойм. Албетте, жол салуу татаал маселе. Заманбап жакшы жолду салууга Кытай мамлекетинде 900 миң доллар турса, бизде 1,5 млн доллар турат экен. Мамлекетибиз сырттан алган карыз акчанын жарымынан көбүн ушул жол тармакка жумшаптыр. Себеби, тоолуу өлкө, жолу татаал болгонубузга байланыштуу болсо керек.
Башында айткандай жагымдуу жаңылык дегеним «Ынтымак бар жерде ырыс бар» дегендей Т.Кулатов жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн 1973-жылы туулган агаларыбыз чоң алгылыктуу иш баштап отурат. 30 миңден ашуун калкы бар Кулатов жана Ынтымак айыл өкмөттөрү менен Кызыл-Кыя шаарын бириктирип турган ак жолубузду кеңейтүү иш- чарасын баштады. Бул жол ыйык Абшыр-Ата, Олыя-Атага келип кетүүчү жол.
Себеби, ал жол шарты катаал болгонуна байланыштуу көптөгөн жол кырсыгы болуп өттү. Кыргыздын жигиттери мекенчил, намыскөй, ынтымак экенин даңазалап бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жаштарга үлгү болуп 1973-жылы туулган агаларыбыз жолду кеңейтип сооп ишин баштап олтурат. 2 жыл мурда 1983-жылы туулган Кулатов жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн жаштары, жолдун четине жол тосмолорун тосуп, элдин алкыш батасын алып, жол коопсуздугун сактап элге жардам берген. Аганы көрүп ини өсөт дегендей, биз калган жаштар ошол 1973-жылы туулган агаларыбыз баштаган, ишке азбы- коппу дебей колдон келишинче жардам берели.
Акчалай жардам берүүчүлөр төмөнкү агаларга кайрылыңыздар: Акматов Нышанбай 0778 525221, Аширов Бактияр 0227 940505, Камалов Алимбек 0771 458969″.
Чынара Көчкөнбаева