2022-жылдын 9-февралында Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде белгилүү,чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган, 7-11-класстар арасында уюштурулган «Келечек өз колубузда» аталышындагы дил баян жана сүрөт тартуу сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү.
Өзүнүн курч журналисттик иликтөөлөрү менен кыргыз элине белгилүү болгон Улан Эгизбаев көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак. Эскерүү кечесине «Улан Эгизбаев» атындагы коомдук жаштар бирикмесинин мүчөлөрү, Улан Эгизбаевдин апасы Жыпаркүл Сариева жана мектеп жамааты катышты. Демөөрчүлөр -Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин 2018-2019-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү. Иш-чаранын демилгечилери Сыймык Урмат уулу жана Бактыгүл Өмүралиева.

Эскерүү кеченин уюштуруучусу- Сыймык Урмат уулу (солдо)
Иш-чаранын башкы уюштуруучусу Сыймык Урмат уулу буларга токтолду:
«Мен ушул мектепти 2018-жылы аяктагам. Учурда К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинин журналистика факультетинин 4-курсунда окуйм. Бүгүнкү иш-чараны уюштуруунун негизги максаты окуучулардын келечекке болгон көз караштарын, максаттарын аныктоо жана кесип тандоого туура багыт берүү, ошондой эле улуу инсандардан үлгү алуу максатында уюштурдук. Сынакка жалпысынан 30 окуучу катышып, 1-2-3- орунду алган окуучулар грамота, акчалай сыйлык жана китептер менен сыйланышты. Бул акыркы иш-чара эмес, келечекте мындай сынактарды дагы өткөрүп турабыз».
Ал эми «Улан Эгизбаев» атындагы коомдук жаштар бирикмесинин өкүлү Дастан Алтынбек уулу бүгүнкү өткөн иш-чара тууралуу жакшы ойдо:

Дастан Алтынбек уулу
Ал эми «Улан Эгизбаев» атындагы коомдук жаштар бирикмесинин өкүлү Дастан Алтынбек уулу бүгүнкү өткөн иш-чара тууралуу жакшы ойдо:
«Иш-чара тууралуу абдан жакшы ойдо калдым. Журналистикага кызыккан талантуу жаштар өсүп жатканы кубандырды. Белгилүү журналист Улан Эгизбаевдин жолун улантам деген жаштар көп экен. Сынак жогорку деңгээлде өттү. Окуучулар Улан байке жөнүндө жазылган ырларды көркөм окуганы өзгөчө таасир калтырды. Учурдан пайдаланып уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет».

Улан Эгизбаевдин апасы- Жыпаркүл Сариева
Улан Эгизбаевдин апасы- Жыпаркүл Сариева уюштуруучуларга жана мектеп жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди

Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышты.

Окуучулар Улан Эгизбаев жөнүндөгү ырларды көркөм окуп беришти.

Келген меймандар жана мектеп жамааты эстеликке сүрөткө түшүштү.
Акжолина Асаналиева, Азима Шакирова