Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейге Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калысбек Шадыханов «Китеп кербенинин» ачылышына катышты.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калысбек Шадыханов жана Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев, №43 Кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова менен «Китеп кербенинин» ачылышында
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан уюштурулган “Китеп кербени” алгачкы жолу №43 кесиптик лицейден башталды.
Борбордун директору Акпаралы Карабаев «Китеп окуган жаштар» акциясынын алкагында лицейдин студенттери окуган китептерин талкуулашарын, ал эми окутуучулар китеп окуунун пайдасы, адабияттын инсандык өсүш жана кесиптик ийгилик үчүн мааниси тууралуу класстык сааттарды өтүшөрүн билдирди.

№43 Кесиптик лицейдин окуучулары
Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калысбек Шадыханов иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө учурдун талабына ылайык заманбап гаджеттер аркылуу болсо да китеп окуунун зарылдыгы бар экендигин окуучуларга түшүндүрүп, баса белгиледи. Иш- чаранын жүрүшүндө кесиптик лицейдин окуучулары үчүн «Китеп кербенинин» куржунуна китептерди салып беришти.

Акпараалы Карабаев эки аптадан кийин №43 кесиптик лицей китептерди Шопоков шаарындагы лицейге өткөрүп берерин, андан ары китептер Кыргызстандын башка аймактарындагы окуу жайларга жөнөтүлөрүн айтты.

Буга чейин акция башталар алдында №43 кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова лицейдин окуучулары арасында «Китеп окуунун пайдасы барбы?» -деген сурамжылоо жүргүзгөн. Директордун айтуусу боюнча кесиптик лицейде окуган окуучулар:
• Сөз байлыкты өстүрөт.
• Китеп мээнин эң жакшы машыктыруучусу.
• Китеп эс тутумду жакшыртат.
• Китеп көп окуган адам менен баарлашуу кызыктуу.
• Ызы-чуудан алыс болосуң.
• Ачык-айрым болуп, тартынчаак мүнөзүң жоголот.
-деген сыяктуу, ар ким өз пикирлерин билдиришкендигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында, Акпаралы Карабаев «Китеп кербени» кайтып келгенден кийин китептердин абалын карап, жаштарга кайсы адабият кызыктуу болуп, эң көп суроо-талап менен колдонулганына баа берилет деди.
Турсун Омуралиева