«BILIMTECH» окуу борбору тарабынан республикалык деңгээлде экологиялык багытта олимпиада башталган. Бул олимпиадага «Соң-Көл» орто мектебинин окуучулары да катышышкан. Олимпиада 4 багытта өкөрүлүп, окуучулар финалдык 3-турга даярданып жатышат.
Бул олипиадага «Соң-Көл» орто мектебинин мугалими Бурул Майрамбек кызы райондук деңгээлде куратор болуп, аталган мектептен 8 окуучуну ар кандай багытта катыштырган.
Арт багыты боюнча аталган мектептен эки окуучу катышкан: Света Бакытбек кызы жана Айдана Тыныбекова. Бул окуучулар 2-турга өтүшүп, бирок Света Бакытбек кызы 2-турга катышуудан баш тарткан. Ал эми Айдана Тыныбекова 2-турда активдүүлүгүн көрсөткөн. Эссе багыты боюнча 10-класстын окуучусу Мадина Чыңгыз кызы жана 9-класстын окуучусу Айпери Марлес кызы катышышып, финалдык 3-турга чейин өтүштү. Математика багыты боюнча: Айзуура Айдархан кызы, Ыйманбек Сейиткасиев, Айбийке Касымбекова, Амина Максатбек кызы катышышты. Айзуура Айдархан кызы финалдык 3-турга өтүп, калган математика багытын тандаган окуучулар 2-турдан ийгилик жарата албай калышты.
Математика багытын тандагандар математикалык тест тапшырышкан, ал эми калган категорияларга 1-турда «Менин таза үйүм-Менин Кыргызстаным» , 2-турда «Экология жана инновация» деген темадагы экологиялык проблемаларды чечүүчү тапшырмалар берилген. Бардык категориялар онлайн өткөрүлгөн.
Бул олимпиаданын максаты мыкты окуучуларды эл аралык олимпиадаларга катыштыруу. Жалпысынан бул таймашта төрт багытта тандалган 7 окуучу мыкты деп табылып, чет өлкөдө өткөрүлгөн эл аралык олимпиадада республиканын намысын коргошмокчу. Ал эми калгандары агартуу туруна жолдомо алышат.
Андан сырткары, ар бир категория боюнча 15% алтын, 25%күмүш, 40% коло медалдар тапшырылат. Олимпиадага катталуу жай айында башталып, 1-туру октябрь айында, 2-туру декабрь айында өткөрүлгөн, финалдык 3-туру 28-февралда жыйынтыкталып, жалпы жеңүүчүлөр 15-мартта аныкталат. Кошумчалай кетсек, бул олимпиадага 2000ге жакын окуучу катышып, 3-турда 400гө жакын мыктылар ат салышмакчы.
Бурул Майрамбек кызы