Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Оюнга “Нарын”, “Лейлек” жана №43 кесиптик лицейдин мугалим устаттары, Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалимдер жамааты жана Жазык аткаруу кызматынын №19 мекемесинин коллективи болуп жалпы 5 команда катышты.
Жаңы-Жер айыл тургундарынын дээрлик көпчүлүгү өлкөнүн жети дубанынан көчүп келишип отурукташкан эл болгондуктан оюндун катышуучулары Нарындык жана Лейлектик кыз-келиндер өз ара команда түзүп алып катышышты. Айылда жергиликтүү айыл тургундары негизинен мал-чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет. Айыл элин күнүмдүк тиричилик, түйшүктөрдөн алаксытып, аялдардын спортко кызыгуусун арттырууну максат кылган, айылдын актbвист уулдарынын бири оюндун уюштуруучусу Нурбек Абасканов болду.
Кыз-келиндер арасында волейбол оюнун уюштурган Нурбек Абасканов:
«Биз бул иш-чараны атайын алдын ала ушул убакытка белгиледик. Анткени айылда жыл сайын 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата спорттун башка түрлөрү “Улак тартыш”, “Футбол”, “Күрөш” сыяктуу оюндар эркектер үчүн гана уюштурулат. Оюндарды жогорку деңгээлде уюштурууга болгон күч аракетибизди мындан ары да улантабыз. Бул иш-чарага айыл тургундарынын кызыкчылыгын арттыруу үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүлдү. Айыл тургундары Талант Султанбаев, Мирлан Жекшенов жана Жаныбек Жакыпов сыяктуу азаматтарыбыз өз каражаттарынан акчалай сыйлыктарды оюндун жеңүүчүлөрүнө ыйгарышты. Ал эми №43 Кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова оюнду лицейдин спорт залында өткөрүүгө уруксат берип, оюн бүткөнчө кыз-келиндерге колдоо көрсөтүп турду.”
Оюн узак убакытка созулуп, ага катышкан оюнчулардын саны 50гө чукулдады. Айыл аймактын тургундары жалпысынан оюндун 5 командасы беттешип, мелдеште 1-орунга Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалимдери жеңишке жетип, кубокту алды.
Ал эми 2-орунга №43 Кесиптик лицейдин мугалим устаттары алып, “Лейлек” командасы 3- орунга ээ болушту.
Айылдагы кыз-келиндер волейбол оюнуна катуу кызыга турганын алардын көрсөткөн оюндары далилдеди. Волейбол оюну кызыктуу өтүп кыз-келиндер арасында да кызуу таймаш жаратты. Оюндун жүрүшүнө Калык Темиров судьялык милдетти аткарды.
«Айылда аялдар негизинен үй жумуштары менен эле алек. Бул ирет уюштуруучулар бизди да эске алышып, мелдешке кошушту. Аз да болсо күнүмдүк түйшүктөн алаксып, айымдар үчүн абдан жагымдуу иш-чара болду», — деди волейбол боюнча кыз-келиндер арасында өткөн мелдештен жеңүүчү болгон «№43 Кесиптик лицей» командасынын башчысы Бактыгүл Темирова.
Майрамдык иш-чаранын соңунда оюндардын жүрүшүнө тыкыр көз салып турушкан калыстардын чечимдери менен жеңүүчү деп табылышкан командаларга №43 Кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова жана уюштуруучу Нурбек Абасканов атайын кубокторду, акчалай сыйлыктарды жана дипломдорду тапшырды.
Турсун Омуралиева