Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Нусупова Акылай эл аралык Zeen 6 олимпиадасында математика сабагы боюнча биринчи орунду багындырды.

Аталган олимпиада жыл сайын өткөрүлүп, быйыл онлайн форматта уюштурулду. Ага ар кайсы өлкөлөрдөн окуучулар катышып, өз билим деңгээлин сынашты. Нусупова Акылай математика багытында күч сынашып, мыкты жыйынтык көрсөтүү менен жеңүүчү аталды.
Жеңүүчүлөргө атайын сертификаттар жана баалуу белектер, анын ичинде уюлдук телефон тапшырылды.
Бул жетишкендик окуучунун билимге болгон кызыгуусун жана эмгекчилдигин даңазалап, башка окуучуларга да үлгү болот.
Даярдаган: Айчолпон Бактыбековна