Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектеби толук жаңыланып, заманбап шарттар түзүлүүдө.

Аталган мектепте акыркы жылдары масштабдуу оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп, билим берүү мекемеси жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө.
Мектептин директору Кадырова Назгүл Калыковнанын маалыматына ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдан бери этап-этабы менен ишке ашырылып келет. Бул аралыкта бир катар долбоорлор даярдалып, мамлекеттик колдоого сунушталып, натыйжада ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.

Алгачкы жылдары мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында бир топ маанилүү иштер аткарылган. Тактап айтканда, мектептин жылытуу системасы толугу менен жаңыланып, эски чоюн батареялардын ордуна заманбап жаңы батареялар орнотулган. Ошондой эле чатырчасы толугу менен алмаштырылып, ашкана, ички ажатканалар оңдолуп, жарыктандыруу системасы жаңыртылган. Мындан тышкары, актовый зал да заман талабына ылайык калыбына келтирилген.
Быйылкы жылы жүргүзүлгөн иштер өзгөчө мааниге ээ болду. Мектептин ички бөлүгү толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу, заманбап шарттар түзүлдү. Ошондой эле спорт зал да толугу менен жаңыланып, окуучулардын дене тарбия сабактарын сапаттуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштерин «ОсОО эл техстрой» компаниясы жүргүзүп, жалпы 15 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Бардык иштер мамлекеттик көзөмөл алдында аткарылып, тендер аркылуу тандалган подрядчик тарабынан ишке ашырылды. Ар бир этапта атайын комиссия иш алып барып, сапат жана талаптар тыкыр көзөмөлдөнүп турат.

Жакынкы арада мектептин сырткы бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери да башталары күтүлүүдө. Бул мектептин жалпы көрүнүшүн жакшыртып, заманбап билим берүү мекемеси катары калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, мектеп үчүн керектүү инвентарларды жаңылоо багытында дагы атайын долбоорлор жазылып, тиешелүү колдоолорду алуу аракеттери көрүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан бардык иштер мектептин өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, билим берүү сапатын жогорулатууга шарт түзүүдө. Ошондой эле алдыда мектептин подвалы, суу түтүктөрү, ажатканасы жана көмүр сактоочу жайларын оңдоо сыяктуу маанилүү иштер пландалууда.
Мектеп жетекчилиги келечекте мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, окуучулардын билим сапатын арттыруу жана заманбап шарттарды түзүү багытында дагы көптөгөн долбоорлор ишке ашарына ишеним билдирет.

Даярдаган: Айпери Курманбаева