Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Улуттар аралык ынтымак” аталышындагы жумалык ийгиликтүү өткөрүлдү.Иш-чарага 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар активдүү катышып, ар бир класс ар башка улуттун маданиятын чагылдырган өзгөчө программаларды тартуулашты. Алар улуттук бийлерди аткарып, ырларды ырдап, кызыктуу оюндарды уюштуруп, ошондой эле ар улуттун салттуу тамак-аштарын даярдап келишти.

Жумалыктын алкагында окуучулар ар түрдүү элдердин каада-салты, улуттук кийимдери жана маданий өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай иш-чаралар жаш муундарды достукка, биримдикке жана өз ара сый-урматка тарбиялоодо чоң мааниге ээ.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, эсте каларлык көз ирмемдерди калтырды.
Даярдаган: Сагынбаев Айдай