Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында кыз-келиндер арасында волейбол оюну уюштурулду. Иш-чара жергиликтүү келиндердин демилгеси менен өтүп, өрөөндөгү үч айылдын өкүлдөрү катышты.
Мелдештин шартына ылайык, ар бир айыл каалаган курамда команда түзүп чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Катышуучулардын жаш курагы же кесиби боюнча чектөө коюлган жок — негизги талап спортко болгон кызыгуу жана каалоо болду.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чараны өткөрүүдө айрым кыйынчылыктар да жаралган. Айрым келиндер үй-бүлөлүк шарттарга жана коомдогу стереотиптерге байланыштуу катыша албай калуу коркунучу болгон. Ошого карабастан, демилгечилер аракетин улантып, мелдешти ийгиликтүү өткөрүүгө жетишишти.
Катышуучулардын бири бул иш-чаранын мааниси тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Бул демилге биз үчүн абдан маанилүү. Кээде үй жумуштары менен гана алек болуп, өзүбүзгө убакыт бөлө албай калабыз. Волейбол оюну аркылуу биз ден соолугубузга кам көрүп, бир аз эс алып, бири-бирибиз менен таанышууга мүмкүнчүлүк алдык. Эң жаш катышуучу 20 жашта болсо, улуусу 57 жашта болду. Мындай иш-чаралар биз үчүн өтө зарыл», — деди ал.
Белгилей кетсек, Суусамыр айылында кыз-келиндерге арналган мындай спорттук иш-чара алгачкы жолу өткөрүлдү. Уюштуруучулар мындан ары мелдешти улантып, ар бир оюндан кийин эстафета катары кийинки айылга өткөрүп берүүнү пландашууда.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна