«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.
Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Кыргыздын каада-салты актуалдуубу же унутта калдыбы?» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Анара Болотова — №93 кесиптик лицейдин китепкана башчысы, кыргыз тили жана адабияты мугалими;
Жылдыз Келдибекова — Сары-Коо айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылдык кеңешинин депутаты.
Модераторлор:
Айнура Кабатай кызы — “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин социалдык илимдер факультетинин “Реклама жана коом менен байланыш” кафедрасынын башчысы, “ Медиа Карьера” оратордук өнөр мектебинин негиздөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
Кайыргүл Урумканова — журналист.
https://www.youtube.com/watch?v=onSU0x1g75g&t=160s