Ноокат районунун борбордук аянтчасында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган, салтанаттуу чоң иш чара болуп өттү.
Иш- чарага Ноокат районунун администрациясы, билим берүү тармагы, медицина кызматкерлери, айыл өкмөттөр жана райондун тургундары катышты. Майрамдык иш- чара саат 10 до башталды. Райондун бардык билим берүү тармактарынын жана медицина кызматкерлеринин көргөзмөлөрүн көрүү менен башталды.
Ноокат районунун администрациясы тарабынан уюштурулган аялдар кеңешинин төрайымы Камбарова Бактыгүл Жумабаевна:
”Бүгүнкү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жыл мааракесине 1 ай ашык убакыт даярдандык. Иш- чарага конок катары Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн биринчи орун басары, Ноокат районунун акими, буга чейинки мамлекеттик кызматта иштеген активдүү инсандар жана аялдар, билим берүү бөлүмүнүн администрациясы, Ноокат райондук ооруканасынын администрациясы, Ноокат эли катышып, майрамдык концертке күбө болушту. Ошондой эле, райондук администрация тарабынан бир нече сыйлык ээлери сыйланып, активдүү жетишкен ийгиликтери үчүн айыл өкмөттүн башчылары, мекеме ишканаларынын жетекчилери райондун акими тарабынан сыйланышты. Бүгүнкү иш-чара буга чейинки майрамдардан өзгөчөлөнүп, 30 жылдык юбилей отчёттук майрам болду десем болот”.
Ноокат шаарынын вице мери Тажибаев Данияр:
“Бүгүнкү күн кыргыз эли үчүн өзгөчө күн. Себеби өз улутун улут катары сактай албаган улуттар бар, кыргыз эли калкынын санынын аздыгына карабай 30 жылдык тарыхка ээ болуп отурат. Ушунун өзү чоң жетишкендик. Биз сыймыктанчу нерсе. Бул райондук деңгээлдеги иш- чара болгондуктан, майрам жогорку деңгээлде болуусу үчүн көп аракеттерди жасадык. Район боюнча айыл өкмөттөрдүн, мекеме ишканалардын ийгиликтери көргөзмө катары борбордук аянтчага алынып келинип, эл алдына жарыяланды. Аны Ош облустук администрациясынын өкүлдөрүнөн тарта жөнөкөй, карапайым калк да көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Маданий иш- чара жогорку деңгээлде өтүп, райондун бардык эң алдыңкы маданий кызматкерлери, эл ичинен чыккан таланттар өз чыгармачылыгын элге тартуулашты. Учурдан пайдаланып жалпы кыргыз элимди бүгүнкү майрамы менен чын дилимден куттуктайм”.
Ноокат районунун тургуну Элчибекова Чолпонай:
”Мен бүгүн үй- бүлөм менен Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналаган юбилей майрамын майрамдоо үчүн келдим. Бүгүнкү майрам өтө жогорку деңгээлде уюштурулуптур, себеби борбордук аянтчага илинген көргөзмөлөрдү көрүү аркылуу Ноокат районунун акыркы 10 жылдагы жетишкен ийгиликтери менен тааныша алдым. Майрам бизге аябай жакты, себеби 2019- жылдан бери пандемия шартында 2 жылдан бери балдарым коомдук иш-чараларга катышпай калышкан эле. Бүгүнкү майрамга ошол себептен жолдошум жана беш балам менен майрамдап келдик. Жалпы кыргыз элин майрмы менен куттуктайм.
Айлар Дарбишова, Чынара Нурманова