Кеңеш айыл өкмөтүндөгү бардык мектептер жана бала бакчалар жаңы 2021-2022 окуу жылына даяр. Ремонт иштери бүтүп, ал эми азыркы учурда кышка даярдык жүрүп жатат.
Бул тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Шапиев билдирди. Анын айтымында Арбын мектебининен сырткары бардык мектеп, бала бакчалар кышка даяр:
«Арбын орто мектебинин эски имаратында бираз ремонт иштери бар, калгандары бары даяр. Көмүрлөрдү тендерге бергенбиз, жакында алып беребиз. Тендерден жеңүүчү аныкталган, эми алып келип баштаса анан акча которобуз. Бир миллион сомдук көмүр алынат».
Ал эми Кеңеш айыл өкмөтүндөгү оорукана, ФАПтардын кышка даярдыгын жана көмүрүн Ноокат райондук ооруканасы көзөмөлдөй тургандыгын кошумчалады.
Жергиликтүү кеңештин Социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы Айганыш Орозмамат кызы комиссия мүчөлөрү менен бардык мектеп, бала бакча, ФАПтардын абалы менен таанышып чыгышкандыгын айтты:
«Кышка даярдык барында жакшы экен, көмүр түшсө эле болду. Арбын орто мектеби эски имараттын жылытуу системасынын бүтпөй калган жерин оңдоонун аракетинде болуп жатат. Депутаттар акча бөлүп бере турган болушту. Куу-Майдан ФАПына болсо көмүркана керек экен».
Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин директору Гүлмайрам Ысмаилова: «Биздин мектеп электр энергиясы менен жылыйт, азырынча тендер алмаша элек экен. Өкмөттөн жылуулукка деп акча бөлүнгөн, ошону ким утса ошол каржылайт экен, бирок бизге керектүү нерселерди алып келип бере элек. Свет өчпөсө мектеп эң жакшы ысыйт, эгер свет өчүп калса кандай болот билбейм».
«Айбийке» балдар бакчасынын жетекчиси Нургуль Абдикаримова балдар көп экенин жана бала бакчанын аянты тар болуп жатканын билдирди:
«Өкмөт тарабынан балдардын тамак аш, күндөлүк керектөөлөрүн, ремонт иштери жана электр энергиясын каржылап келет. Бакчанын эски имараттарын бакчага өткөрүп берсе жакшы болот эле, балдар көп болуп жатат. Бала бакча электр энергиясы жана көмүр менен иштейт. Айыл өкмөт тарабынан быйылкы жылга 15 тонна көмүр жазылган тендер аркылуу келип түшөт, азырынча келе элек».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова