Кочкор районунун Кочкор айылында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата жаңы социалдык объектилердин ачылыш аземи өттү. 2026-жылдын 11-сентябрь күнү Кочкор районунун Кочкор айылындагы Юстиция министрлигинин административдик имараты жана жаңы мектеп Кыргыз Республикасынын президентинин онлайн катышуусунда салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

И.Арабаев атындагы мектептин салтанаттуу ачылыш учуру
Кыргыз Республикасынын Эгемендиктин 35 жылдыгына карата Кочкор жергесинде И.Арабаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 500 орундуу жаңы имараты салтанаттуу ачылды. Ачылышка өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров аралыктан старт берди. Мектеп өлкө казынасынан 265 млн сомго курулду. Мындан сырткары мектептин айланасындагы ойноочу аянттарга 30 млн сом каржыланган. мектепте жалпы 100 мугалим эмгектенет.

Юстиция үйүнүн салтанаттуу ачылыш учуру
Ал эми Кочкор айылынын борборунда Юстиция үйүнүн ачылышы дагы салтанаттуу ачылды. Эки кабаттуу имаратта үч мекеме бир жерге жайгашты. Курулуш өткөн жылдын жаз айында башталган. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 42 млн сом каржыланган.
Даярдаган: Нурия Карымбаева