Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаттары бала бакча, мектеп, оорукана жана ФАПтардын кышка карата даярдыгы боюнча жакындан таанышып, көйгөйлөрүн билүү үчүн жүрүш уюштурду. Кыдыруунун натыйжасында мекеме, ишканалардын бир нече көйгөйлөрүн баамдоого жетишкен жана аларды чечүү жолдорун табууга убадаларын беришти.
Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү кеңешинин депутаты Муратали Авазов: «Мектептердин ремонттору бүттүбү, кандай көйгөйлөрү бар экенин билүү максатында мектептерге кыдыруу жасадык. Кийинки жылдын бюджетине киргизели деген пландарыбыз бар. Бөлүнгөн акчалар азырынча иштетиле элек экен. Бул акчалар тендерге берилип иштелүүсү керек болчу. Себеби, кыш жакындап келе жатат. Кыш келген соң курулуш иштерин жасоого мүмкүнчүлүк болбой калат».
Жергиликтүү кеңештин депутаты жана Кулуштан орто мектебинин тарых мугалими Айжамал Өктөм кызы : «Учурдагы ишмердүүлүгүбүз мектептердин ремонтторун текшерүү жана ошондой эле мугалимдердин ишмердүүлүгүн жана окуучулардын билим сапатын байкоо болуп саналат».
Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Ибрагим Мадалиев: «Биздин максатыбыз мектеп, бала бакча, ФАПтардын азыркы учурдагы болуп жаткан көйгөйлөрүн карап, бюджетин татыктуу бөлүп, чечип берүү. Жаңы окуу жылы башталуусуна байланыштуу мектептердин, бала бакчалардын даярдыгы кандай болуп жатканын байкоо максатында депутаттык курам менен текшерип баштадык».
Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Толкунбек Раззаков: «Өз көзүбүз менен көрүп, билип, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун карап жатабыз. Мектептин ремонтторун текшерип, көрүп чыктык. Азыркы убактагы эң биринчи көйгөй китепкана, ажаткана экен».
Бул уктуруу Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Чынара Нурманова, Таңнуру Жалалова