Нарын районуна караштуу Куланак айылына жакынкы арада ГЭС курулганы турат. ГЭС куруучулар айыл тургундары үчүн сугат суу үчүн канал куруп берүүнү убада кылып келишет. Эгер канал курулуп, ишке кирип калса Куланак, Учкун, Жылан – арык айылдары үчүн сугат суу тартыштыгы чечилмекчи.
«Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген ишкана коомунун кубаттуулугу 100МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилеринин жана мелиорация системаларынын курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын бир категориядан башка категорияга которуу боюнча жана андагы ээлеген аянтардын көрсөтүү менен маселе каралып, Учкун айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 17-февралындагы 1/3 сессиясынын токтому менен берилген.
Бүгүнкү күндө ошол эле макулдук берилген жер аянттарына контурларын толуктап коюп берүү зарылчылыгы келип чыккан. XXXI– чакырылыштагы кеңешке айыл өкмөт тарабынан сунуш берилген.
ГЭС боюнча элден сунуштар болуп жаткандыгына байланыштуу жалпы элдик жыйналыш болуп, жеке компаниядан өкүл келип катышты.
Жыйналышты Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Өмүрзаков ачып берип, сөздү «Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун Куланак ГЭСи боюнча аткаруучу директору Кубанычбек Абас уулу алды.
Кубанычбек Абас уулу: «Буга чейин айыл эли, депутаттары менен жолугуулар болуп сүйлөшүүлор болуп турду. Негизи ГЭС куруу деген илгертен ССРдин планында бар болчу. Буга чейин толук изилдөөлөр жүрүп, долбоор менен Өзбекстан, Казакстанга чейин барып, Кыргызтанда ГЭС куруу үчүн долбоордук институттар жок экен. Архивдик материалдардын негизи менен Ленинградка кайрылып, алар макулдугун беришип, долбоор түзүлө баштаган. Жумушчу долбоор даяр болгон. Азыр болсо экспертиза карап жатат. Негизи ГЭСтин кубаттуулугу 100МВт болот. Шыңгаманын белине платина курулат, дамбанын бийиктиги 25м, башынан аягына чейин 630м болотко деген долбоор менен түзүп жатабыз. Жан – Булак, Миң – Булак, Эмгек – Талаа, Жерге – Тал айылдары менен сүйлөшүү иштери жүрүп, баардык маселе чечилип бүттү. Буга чейинки жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бул маселелер каралып кеткен. Болгону ошондо контур даректери жазылбай калган. Насос менен чыккан магистралдык канал бар. Ошого басым менен келген суу менен 9кубка чейин суу чыгаруу боюнча 2011 -жылы жазылган долбоор бар экен. ГЭС куруу менен бирге ошол долбоорду ишке ашырууну максат кылып жатабыз. Курулуш иштери башталса 3 жылдын ичинде бүтүрүп пайдаланууга берүү пландалууда. Бүгүнкү күндө курулуш үчүн көптөгөн техникалар алынып, дайындалууда. Орто эсеп менен миң адамга чейин жумушчу орундары ачылат деп жатабыз. Курулуш жүрүп жаткан 5 айыл өкмөттүн жаштарын жумушка алуу пландалууда».
Иш-чарада айыл элин кызыктырган суроолор берилди. Алардын бири светке жеңилдиктер болобу деген суроо болду.
— Жеңилдиктер болот. Бирок азыр эмес. Бир кандайдыр убакыттан кийин.
XXXI – чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаты Назгүл Саадакеева: — Басым менен келчү суу каналы кандай типте салынат?
— Канал бетондон болот. Туурасы 2,5м, бийиктиги 2м.
— Канча убакытта курулуштар бүтөт?
— 13 ай деп белгиленип жатат. Мүмкүн андан эрте болот.
Суроо жооптон кийин, элге атайын долбоорлонгон карта менен жыйналыштын катышуучуларына түшүндүрүү иштери жүрдү.
Жыйналышка келген элдин бирден бир маселелеринин бири «Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген ишкана коомуна, сугат суусу үчүн курулуучу басым менен келүүчү суу каналын толугу менен куруп, бүтүрүп берүүсүн талап кылышты.
Бул талапты Кубанычбек Абас уулу аткарылбастыгын баса белгилеп өттү. Себеби курулуучу суу каналынын 100м жери ГЭС менен биргеликте 65 миллион сом турарын айтты.
Жыйналыштын жыйынтыгы менен 31 – чакырылыштын депутаттарынын кезексиз сессия өтөрү белгиленип, ГЭС куруучуларга айыл чарба жерлерин курулуш үчүн трансформация берүү чечимин күтөрү белгиленди.
Кезексиз сессиянын жүрүшүндө Анарбек Сокеев Нарын облустук УОСтун жетекчиси өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду.
Анарбек Сокеев: «Ат – Башы ГЭСтен каналдын башына чейинки 1 – долбоор боюнча — 9,2 км болчу. Ал эми Куланак ГЭСинен 4 кмге кыскарат. Бул мамлекет үчүн дагы пайдалуу. Басым менен келчү суу каналы 2 жолу планга киргизилип, акча каражаты жетпей токтоп калган. Бүгүнкү күндө биздин планда мындай каналдын курулуп бүтүшүнө көзөмөлдөө турат. Насостук станция өз ордунда кала берет».
Учкун айылдык Кенешинин XXXI чакырылышынын кезексиз сесиясынын 2021-жылдын 6-августундагы № 5 токтомунун негизинде трансформациялоого кетүүчү жер аянттарынын контурларына макулдук берилди.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева
Аудио: Кулатов айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү