31-августта Нарын районунун Учкун айылында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүң 30 жылдыгы белгиленди. Айылдын маданият үйүндө жөө жүрүш жана салтанаттуу иш-чара өтүп, келген конокторго концерт тартууланды.
Майрамдык иш-чарага айыл тургундары, ак сакалдар, билим берүү тармагынын ардагерлери жана айылдык активисттер катышты. Иш-чараны уюштуруга айыл өкмөтү, мектеп жамааты жана бала бакчанын кызматкерлери тартылган.
Майрамдык салтанатта айылдун коомдук жашоосуна жана анын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жаткан адамдарга ардак грамоталар тапшырылып, куттуктоо сөздөрү айтылды.
Эгемендүүлүккө арналган иш-чарада парад уюштурулуп, ага айылдагы ар түрдүү кызматтын өкүлдөрү, айылдын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан кызматкерлерден тартып, бала- бакчанын тарбиячылары дагы катышты.
Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүнүн алдына эки боз үй тигилди. Анда айыл өкмөтү тарабынан айыл аксакалдарына сый көрсөтүлүп, ысык тамак уюштурулду.
Эгемендүүлүккө 30 жыл: Могол айыл өкмөтү Кара-Ой айылында белгиледи
Гүлзар Казиева