Салтанаттуу иш-чаранын экинчи бөлүгү Кочкор районунун «Сейил» паркында уланды.

Салтанатуу иш-чаранын ачылышы
Кочкор районунун акими Курманбек Камчиев райондун жашоочуларын Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.
«Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары, урматтуу коноктор! 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен бардыгыңыздарды Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын жана өзүмдүн атымдан куттуктайм. Бул күн мамлекетибиздин улуу күнү. Көз карансыздыгыбыз эң бийик сыймыгыбыз…»

Куттуктоо аземи

«Кочкор райондук ардактуу атуулу» наамын тапшыруу

Райондун бала-бакча жааматтары кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөсүн уюштурушту

Ошондой эле концерттик программа тартууланды, улуттук оюндар, спорттук мелдештер өткөрүлдү
Салтанаттуу иш-чаранын үчүнчү бөлүгү кечки саат 21:00дө Маданият үйүнүн алдында концерттик программа уюштурулуп, майрамдык салют менен жыйынтыкталды.
Рысбек кызы Керез, Максатбек кызы Азиза