Кочкор районунун Чолпон айылына жумшак балмуздак аппараты иштеп баштады. Кичинекей бөбөктөн тартып улуу курактагы адамдарга чейин даам сызып жатышат.
Балмуздакты ачкан жергиликтүү ишкер Зарина Бейшекеева төмөнкүлөрдү билдирди:
“Мен бул бизнести ачыш үчүн дээрлик 200 миңдей акча каражаты жумшалды. Балмуздак жасаганды аппаратты алган эжеден үйрөнгөм. Балмуздактын рецебин ошол эжеден алгам. Аппараттын баасы 1000$ турат. Балмуздакты рецепт менен гана жасайм. Түрлөрү бар. Кулпунай, банан, шоколад, каймак менен жасалат. Бул ишти ачууну ата-энем колдоду.”
Айпери Анарбекова, Кусейин Марат уулу