Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 31-август Эгемендүүлүктүн 31жылдыгына арналган салтанаттуу майрамдык жүрүш(парад) өттү. Ага мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери катышты. Жүрүштө мектеп окуучулары, бала бакчанын тарбиялануучулары Эгемендик майрамын даңазалап, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын чагылдырышты.

Майрамдык параддын жүрүшү

Балдар билим борборунун жаш таланттары

Майрамдык парадды мектеп окуучулары көрккө бөлөдү

Андан соң Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн кызматкерлери Муса Баетов, Молдобасан Мусулманкулов, Бакый Мүсүралиева, Нурак Абдырахманов өңдүү Акталаадан чыккан чыгаан инсандардын элесин берген театралдык оюн-зоок программа тартуулашты.

Райондук маданият үйүнүн театралдаштырылган оюн-зоок программасы

Райондун элин аким Жумадилла Жапарова, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Жайлообай Абдиев куттуктап, эгемендиктин баасы, маани-маңызын баса белгилешти.

Район акими Жумадилла Жапаров куттуктады

«Алтын муун-Наристе» балдар бакчасынын көргөзмөсү

Нандын түрлөрү көргөзмөгө коюлду

№40 кесиптик лицейдин кол өнөрчулөрү жасаган буюм-тайымдар

Мындан сырткары, №40 Кесиптик лицей, балдар билим борбору, “Алтын муун Наристе” бала бакчалары чакан көргөзмө уюштуруп, анда кыргыздын улуттук тамак-аштары, буюм-тайымдары коюлду.
Барчын Мамытбекова