Деңиз денгээлинен 3016 метр бийиктикте турган Соң-Көл көлү Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү Соң-Көл тоо менен Молдо тоо кыркаларында жайгашкан өрөөндөн орун алган.
Табияты абдан кооз, сырдуу, көркөм. Суунун өңү аба ырайына жараша кубулуп турат. Ал эми бир күндө Сон-Көлдө жылдын төрт мезгилин көрүүгө болот.
Жайда деле алакандай булут болсо, күн бүркөлүп, жамгыр төгүп, ал бир заматта мөндүргө же карга айланат. Жыл бою бул жерге жайлаган же туристтик чөйрөдө ишкердик кылгандар бул аба ырайына көнүп калышкан. Тарыхый маалыматтарга караганда көлдүн пайда болушу орто эсеп менен төрт мин жылга барабар.
Баетов айылынын тургуну Жыргал Кожоеванын айтымында Соң-Көлдүн жаралышы боюнча эл арасында уламыш айтылып келет:
“Илгери Теңир-Тоого бир хан келип отурукташып, ал жергиликтүү элге оор салык салат. Кыз-келиндерди күч менен тартып алып, ордого кызматка алат. Ага чыдабаган баатыр жигиттер залим ханга каршы чыгышканы менен алы жетпейт. Ошондо молдо, бүбү-бакшылар чогулуп дуба окуп, катуу жер титиреп, зулум хан ордосу жана аскерлери менен жер алдына кирип кетет. Ордуна таза, тунук көл пайда болот. экен. Ошол күндөн бери Соң-Көл залим хандан жабыр тарткан элдин, кыз-келиндердин көз жашынан пайда болгон көл деп айтылып келет”.
Сөң-Көл аянты боюнча кереметтүү Ысык-Көлдөн кийинки орунда турат. Анын жаратылышын жарашыктуу көркүнө чыгарып көлдү айландыра курчаган тоо кыркалары, жылга жыбыттарынан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулары, тоолордун асман тиреген аскалуу чокулары курчайт. Мындан сырткары, “Тулпар-Таш”, “Таш-Дөбө”, “Манастын таш тулгасы” өңдүү Манастын ысымы менен байланыштуу тарыхый аталыштагы жерлер дагы бар.
Соң-Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суулар куйганы менен андан бир гана Кажырты суусу агып чыгат. Соң-Көлдө балыктын жана канаттуулардын бир нече түрлөрү бар. Алардын айрымдары коргоого алынган.
Теңир-Тоодогу Соң-Көл жайлоосуна бара турган жол оңой эмес, бирок анын жаратылышына арбалып, керемет көлдү жана табияты кооз жайлоону көрүүнү эңсеп жергиликтүү жана чет элдик туристтер көп келишет.
Акыркы жылдары эко туризм өнүгүү жолуна түшүп, керемет Сон-Көлдүн жээгинде кыргыздын улуттук боз үйлөрү тигилип, бардык шарттары менен заманбап жасалгаланган. Тоо койнунда, жаратылышта эс алууну каалагандар, көлдү көрүүнү эңсегендердин катары жыл сайын көбөйүүдө.
Барчын Мамытбекова