Кочкоро районунун Төлөк айылында 9-майга карата чакан иш- чара өткөрүлдү. Иш чарада Улуу Ата-Мекендик согушта эли жери үчүн курман болгондор эскерилди. Атайын иш чарага айылдын аксакалдары жана айыл тургундары катышты. Ага кошумчалай окуучулар да болду.
Төлөк айылына курман болгондорду эскерүү үчүн Кочкор районунан коноктор келишти. 9-майдын урматтына айыл өкмөтү тарабынан чакан концерт коюлду.
Мектеп окуучулары «Эч ким эч качан унутулбайт» деген ураан менен жөө жүрүшкө чыгышты
Курман болгондорго куран окулду
Кичинекей бөбөктөр кыскача ырларын айтып өттү
Андан кийин бийлерин бийледи
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүндүк Табалдиев ачылыш сөзү менен баштады
Коноктор сөз сүйлөдү
Окуучулар ар бир айтылган сөздү кунт кою менен угуп жатышты
Хадижа Төлөбалдиева