Жал айылында жайгашкан Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Разима Жумалиева бүгүнкү Орок айыл өкмөтүндө 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган иш-чарага өзүнүн окуучулары менен катышып, өз калемине таандык «Өлбөс полк» аттуу ыр саптарын жаратты.
Эстеликке гүл коюу учуру
Разима Жумалиева окуучулары менен
Өлбөс полк!
Батыштан согуш башталып,
Баратты күчөп тапталып.
Көгөргөн көпкөк асманды,
Капкара булут башкарып.
Жапжашыл көркөм жеримде,
Кыпкызыл коюу кан агып.
Согуш согуш, апаат салып ааламга,
Ажыраттың ата-эне, бала, асыл жардан да.
Мерезденип жүрөгүң таштан бүткөн,
Кандай жансың! Сезимдериң сенек болгон.
Аткарылбай тилегиң кудай уруп,
Жоокерлери Советтин! Жериңе туусун илген.
Кыямат кырчын кездеринде,
Жандарын тиштеп өлчөөсүндө.
Жеңиш менен кайтышкан,
Жылдыр жылга алмашта.
Аталарга, агаларга таазим!
Гүлдөгөн жашоо үчүн кандарын төгүшкөн.
Парад, парадга басып жоокерлер,
Музыка кайгылуу ыргагы коштоп турат.
Өлбөсполк эскерилип өткөндөргө,
Аталарга, агаларга даңк!
Жалтанбай согуш жалынына,
Ата-мекен үчүн! Жандарын берип өтушкөн.
Чыгармачыл инсандар тынчтык жөнүндө ыр саптарын жарата берсин.
Алия Исакова, Раяна Доктурбаева