Улуу Ата Мекендик жеңиштин 78 жылдыгына карата Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясынын уюштуруусунда «Өлбөс полк» жөө жүрүшү уюштурулду.
Жаңы-Жер айыл аймагынын жашоочулары бүгүн 9-май Улуу Жеңиш майрамы салтанат менен белгилешти. Иш- чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме ишканалдардын кызматкерлери жана айыл тургундары катышты. Майрамдык салтанатта «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулуп, ага Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарынын сүрөттөрүн көтөрүп, алардын уул-кыздары, неберелери катышты.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Бекмаматовдун куттуктоосу:
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Бекмаматов
«Сиздерди 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайбыз! Бүгүнкү 9-май, ата бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.
Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым жүрөгүбүздө.
Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак ыроолоп, молчулук, токчулук болушуна тилектешбиз.
Улуу Жеңиш күнү куттуу болсун, мекендештер!»
Турсун Омуралиева