Орок айыл өкмөтүнүн Жал айылында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата чоң салтанаттуу майрамдык иш-чара болду. Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган коноктор куттуктоо сөз сүйлөшүп, айылыбыздын мектеп окуучулары, бала бакчанын тарбиялануучулуры өз өнөрлөрүн тартуулашты. Салтанаттын аягында Жеңиш паркында жайгашкан жоокерлерге арналган эстеликке Өлбөс полк жүрүшү уюштурулуп, гүл чамбарлар коюлду. Иш-чарадан сүрөтбаян.

Иш-чаранын ачылышындагы куттуктоо сөзү: Айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков, Генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Сарбан айылынын аксакалы Искендер Шаршенбиев

Салтанаттуу майрамдын жүрүшүндө окуучулар, бакча балдары өз өнөрлөрүн тартуулоодо

Ар дайым элибизде бейпилдик жана тынчтык болсун!
Берметкан Исабекова, Айпери Кыдыртоктоева