Бүгүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында Туу күнү жогорку деңгээлде, салтанаттуу маанайда белгиленди. Иш-чарага айыл аймактарынын айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Иш-чара Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мамлекеттик Тууну салтанаттуу алып келүү менен башталып, андан соң Туу көтөрүлдү. Желбиреген кызыл Туу — эгемендүүлүктүн, эркиндиктин жана улуттук биримдиктин символу катары катышуучулардын жүрөгүндө өзгөчө толкунданууну жаратты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек жана Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Тимур Турдукулов куттуктоо сөз сүйлөп, мамлекеттик Туунун тарыхый маанисине токтолушту. Алар өз сөздөрүндө өлкөбүздүн башкы символдорунун бири болгон Тууну урматтоо — ар бир жарандын ыйык милдети экенин белгилешти.

Майрамдык иш-чара маданият кызматкерлеринин мекен, эгемендүүлүк жана ыйык желек тууралуу аткарган обондуу ырлары менен коштолуп, салтанатка өзгөчө көрк берип, патриоттук маанайды арттырды.
Даярдаган: Анара Мааметова